Ошто жана Бишкекте атайын айыл чарба лабораториялары курулат
Ош жана Бишкек шаарларында органикалык айыл чарба азыктары үчүн атайын лабораториялар курулат. Бул тууралуу бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан бизнес жыйында айтылды. Анда органикалык айыл чарба азыктарын экспорттоо маселеси талкууланууда. Кыргызстандын Инвестицияларды коргоо жана өнүктүрүү агенттиги уюштурган жолугушуунун соңунда бир катар келишимдерге кол коюлат. Агенттиктин төрагасынын орун басары Сыргак Кенжебаев: - Азыр дүйнөдө органикалык айыл чарба өндүрүмүнө болгон суроо-талап чоң. Читать дальше...