Берлинде расизмге каршы ири акция өттү
Ишембиде Германиянын баш калаасы Берлинде расизмге каршы ири демонстрация өттү. Уюштуруучулардын айтымында, Александерплацтан Жеңиш Колоннасына чейин созулган жүрүшкө 240 миң киши катышты. Марш “жек көрүүчүлүккө, дискриминацияга жана улутчулдукка каршы” деген ураан менен өттү. Акция “Бөлүнбөс” (Unteilbar) альянсынын демилгеси менен уюштурулган. Анын курамына 450дөн ашуун ар кандай уюм, демилгелүү топтор, бирикмелер жана жеке адамдар кирет. Уюштуруучулар акцияга 40 миңдей киши катышат деп болжолдоп жатышкан... Читать дальше...