Кытайга виза ала албай жаткан студенттер министрликке кайрылды
Кытайдын жогорку окуу жайларына окууга өтүп, бирок виза ала албай жаткан 50гө жакын студент Билим берүү жана илим министрлигине кайрылды. Бул тууралуу мекеменин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Апышева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, түшкөн арыздар Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментине жөнөтүлгөн. - Арыз бергендер Кытайдын жогорку окуу жайларына өз алдынча тапшырган балдар. Себеби Билим берүү жана илим министрлиги да макулдашуунун негизинде Кытайга балдарды окууга жөнөтөт. Читать дальше...