Маркум прокурор менен шектүү бир күн мурун тойдо чогуу болушкан (видео)
Баткен облусунун киши колдуу болгон прокурору Анарбай Мамажакыпов менен аны өлтүрдү деп шек саналып жаткан Мелис Калыков окуядан бир күн мурун тойдо бирге болушкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев басма сөз жыйынында билдирди: - Бир күн мурда чындыгында эле тойдо чогуу болушкан. Айыпкер Калыковдун тууганы той берип, облустук прокуратуранын жетекчилиги тойдо чогуу болушкан. "Эртең аңчылыкка чыгып эс алабыз" деп ошол тойдо эле чечилген экен. Читать дальше...