Орусиянын Конституциялык соту чечен-ингуш чек ара келишимин мыйзамдуу деп тапты
Орусиянын Конституциялык соту Чеченстан менен Ингушетиянын ортосундагы чек араны өзгөртүү жана жер айырбаштоо тууралуу келишимди мыйзамдуу деп тапты. Соттун 6-декабрдагы чечимине ылайык, Чеченстан менен чек араны аныкташ үчүн Ингушетияда референдум өткөрүүгө зарылчылык жок жана бул маселеде Орусиянын Федерация кеңешинин да макулдугу зарыл эмес. Орусиянын курамына кирген эки республиканын жетекчилери сентябрь айында кол койгон келишим ингушетиялыктардын кескин нааразылыгын жаратып, бир нече жумага созулган митингдерге себеп болгон. Читать дальше...