Ирак ИМ тобун жеңгенинин бир жылдыгын белгилеп жатат
Ирак өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун жеңилгенинин бир жылдыгын белгилеп жатат. Өлкөнүн премьер-министри Адел Абдел Махди 10-декабрдагы телекайрылуусунда Ирак бир жыл мурда "Ислам мамлекети" тобун өз аймагынан сүрүп чыгаруу менен "терроризмдин желдеттерине каршы эң чоң жеңишке" жеткенин айтты. Ал ошондой эле өлкөдө коррупциянын тамырын кыркууга, жер которууга аргасыз болгон жүз миңдеген адамдардын өз үйлөрүнө кайтып барышына көмөк көрсөтүүгө убада берди. 10-декабрь Иракта расмий майрам катары белгиленет. Читать дальше...