Парламентте жөлөкпул маселеси каралат
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде бүгүн 10-декабрда жөлөкпул чегерүү тартибине байланыштуу маселе каралат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кенжебек Бокоев “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордун максаты – жөлөкпул ала турган үй-бүлөнүн жалпы кирешесин эсептөөдө алар менен чогуу жашаган пенсионер ата-энесинин пенсиясын эсепке албоо... Читать дальше...