Президент бир тууганы сөз болуудан коркуп сессияга келбей калганын айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков сөз болуудан коркуп парламенттин сессиясына келбей калганын айтты. 19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынында "Апрель" телеканалынын журналисти "Асылбек Жээнбеков кадрдык маселеге кийлигишип жатканы" тууралуу берген суроосуна мамлекет башчы төмөнкүчө жооп берди: - Асылбек Шариповичтин кеңселери болсо, мага факт бергиле. Кеңсеси жок, үйдөн чыкпай отурат, сөз болот деп коркконунан сессияга да келбей калды... Читать дальше...