Кытайда төңкөрүш аракетине айыпталган укук коргоочунун соту башталды
26-декабрда Кытайда адвокат жана укук коргоочу Ван Куанчжаңдын соту башталды. Анын иши Тянжин шаарында, катуу кайтаруудагы сот залында каралып жатканын "Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлады. Вандын тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушту. "Мен Ван Куанжаңды колдойм! Бир партиянын жеке басар бийлигине каршымын! Ван Куанжаңды бошоткула!" деп кыйкырып турду колдоочуларынын бири, активист Ян Чунлин. "Мен саясий реформаны, партиялар шайланып келишин талап кылам. Жарандардын укуктары сакталышын талап кылам. Читать дальше...