Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү
Кыргызстанда өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча өзүнчө комитет түзүлдү. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлыкка ылайык, комитетти мамлекет башчы өзү жетектейт. Анын орун басары - вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Комитетке Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкердик менен алектенген бир катар ишканалардын жетекчилери, эксперттер мүчө болушат. Жарлыктын аткарылышын президенттин аппараты көзөмөлдөйт. Комитет өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы... Читать дальше...