Жогорку Кеңеш Кой-Таштагы окуя боюнча комиссия түзүүнү колдоду
Жогорку Кеңеш бүгүнкү кезексиз жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка алып келүү жана аны кармоо операциясы учурунда өкмөт жетишерлик даярдык көргөн эмес деп тапты. Бул тууралуу бүгүн парламент кабыл алган токтомдо белгиленген. Эл өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяны терең иликтеп чыгыш үчүн курамына мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден турган комиссия түзүү тууралуу сунушту колдоду. Ошондой эле атайын бөлүктүн каза болгон аскеринин үй-бүлөсүнө, жараат алгандарга жардам көрсөтүү пункту да бар. Читать дальше...