Матраимовдор иши: Дубайдагы мүлк
Кыргыз бажысынын мурдагы таасирдүү жетекчиси Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда борбор азиялык көмүскө үй-бүлө менен чогуу инвестициялык бизнеси бар.
Кыргыз бажысынын мурдагы таасирдүү жетекчиси Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда борбор азиялык көмүскө үй-бүлө менен чогуу инвестициялык бизнеси бар.
Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККК) төрагалык милдетин 28-ноябрда Бишкекте саммит өткөрүү менен жыйынтыктайт. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып, бир жыл ичинде уюмда коопсуздук маселелерин, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин билдирди. Бишкекте өтчү саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп... Читать дальше...
Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзорлукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды. Бул өнөктүк өкмөттүк мекемелерди, жамааттарды, зомбулукка кабылгандарды, активисттерди бир тилектештиктин алкагында бириктирип, түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Ал 25-ноябрь - Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкенине толук эки жыл болду. Ал 2017-жылдын 24-ноябрында ант берип, жумушун расмий баштаган.
Элдин саламаттыгын ойлоп, жөө же ат менен айыл кыдырган нарындык фельдшер. Орусиядан Ошко келип балдарга тил үйрөтүп жаткан эжеке. Токмокто карыялар үчүн ысык чайы жана жылуу түнөгү бар пансион. 60 жашында көнүгүү жасап, көп оорудан арылган караколдук Татьяна Попова. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Эмилбек Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды. Буйрукка 25-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Каптагаев 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки Убактылуу өкмөттүн мүчөсү.
Өкмөт 25-ноябрда Бишкекте коррупцияга каршы өткөн митингге реакция жасашы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө айтып, бул өкмөттүн түздөн түз милдети экенин билдирди. Өкмөт жарандык акцияга байланыштуу азырынча билдирүү жасай элек. Митингдин алдында таратылган расмий билдирүүдө аткаруу бийлиги учурда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнөрүн, кадрдык жүрүштөр менен эле... Читать дальше...
Москвадагы активисттер кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу маалыматты текшерип, тиешелүү чара көрүүнү өтүнүштү. Орус калаасындагы мигранттардын облустук бирикмелеринин жетекчилери жана жигердүү өкүлдөрү коррупция менен күрөштө өкмөттүк органдар өз милдеттерди аткарбастан, бул милдет журналисттерге жүктөлүп жатканына нааразы болушту. Ошондой эле «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды текшерип, бажыдагы коррупцияны аныктоо үчүн... Читать дальше...
«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө Орусиядагы мекендештер пикирин билдиришти.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы «#REакция» аттуу акция өттү. Акцияга чыккандар бажы тармагындагы коррупцияны жоюп, реалдуу реформаны талап кылып, бийликке кайрылышты. Бул акция бажы тармагындагы коррупция, сыртка ташылган акча тууралуу үч медиа мекеменин биргелешип жасаган иликтөөсүнөн кийин өттү.
Бишкекте 25-ноябрдагы тынчтык митингине 400дөн ашуун адам чыкканын, мыйзам бузуу болбогонун шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Уюштуруучулар эки минден көп киши келгенин маалымдашкан. Иш-чарага байкоо салган "Кылым шамы" укук коргоо уюму 2200 адам болгонун жарыялаган. Factcheck.kg басылмасы болсо заманбап технологиянын жардамы менен кишилердин санын аныктап, 1251 адам чыкканын жазды. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер коррупцияга каршы «#REакция» деп аталган митинг уюштурушкан. Читать дальше...
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда милллиондогон адамды күчтөп кармалган лагерлер тууралуу жашыруун документтер жарыяланды. 25-ноябрда дүйнөдө “Аялдарга каршы зомбулукту жоюу” күнү белгиленди. Гонконгдо 18 райондук кеңешке өткөн шайлоодо демократиялык күчтөрдүн өкүлдөрү орундардын 89% жеңип алышты.
28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Анда эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча маселе каралат. Күн тартибинде жалпы жонунан 21 маселе бар. Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге, анын ичинде уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет. Президенттин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматына караганда, ЖККУнун жыйынына Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев... Читать дальше...
Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттар жана мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялады. Анда кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөр бар. Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты биргелешип иликтеген, "Кытай тору" деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат. Читать дальше...
Factcheck.kg басылмасы Бишкекте 25-ноябрда өткөн тынчтык митингине орто эсепте 1251 адам чыкканын билдирди. Сайттын редактору Болот Темировдун айтымында, адистер элдин санын заманбап технологиянын жардамы менен эсептеп чыгышты. Анын жол-жобосу сайтка жарыяланды. Мурдараак "Кылым шамы" укук коргоо уюму митингге 2200 адам келгенин, иш-чара мыйзам бузуулары жок өткөнүн маалымдаган. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер коррупцияга каршы «#REакция» деп аталган митинг уюштурушкан. ... Читать дальше...
Кыргызстандагы бажы системасындагы коррупция боюнча биргелешкен иликтөө коомчулуктун курч талкуусуна түшүп, бийликтен иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча чара көрүүнү талап кылына баштады. Бугүн буга байланыштуу Бишкекте тынч митинг болуп, жарандар өз позицияларын билдирип чыгышты. Эми бийлик кандай реакция кылышы керек? Талкууга “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, коррупцияга каршы күрөш боюнча боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров жана Исхак Масалиев катышты.
Кара-Сууда Сириядагы согуштук аракеттерге катыштыгы бар делген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Абсатар Тавакалов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык кармалган жаран Кыргызстанда тыюу салынган “Таухид вал-Жихад" уюмунун мүчөсү экендиги аныкталган. Ал жашаган Кара-Суу районунун аймагындагы үйүнүн короосунда жер астына көмүлгөн бир даана ПМ 9-мм үлгүсүндөгү жеке номери өчүрүлгөн ок атуучу куралы жана бир даана магазин, 8 даана 9-мм тапанчасынын октору... Читать дальше...
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.
Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда адамдарды күчтөп кармаган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтер жарыяланды.
Кыргыз өкмөтү өлкөнүн бажы органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу иши тутумдуу негизде жүрүп жатканын кабарлады. Аткаруу бийлиги учурда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнөрүн, кадрдык жүрүштөр менен эле өзгөртүүлөрдү кылуу мүмкүн эмес деп эсептей турганын жарыялады. Маалыматта бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөө жана анда ысымдары аталган адамдардын коррупциялык иш-аракеттери азыркы тапта тиешелүү органдар тарабынан иликтенип жатканы айтылат. Читать дальше...
Египетте былтыр Каир шаарына жакын жерде табылган жан-жаныбарлардын мумияларынын коллекциясы тартууланды. Акыркы мезгилде өлкө бийлиги туристтерди тартуу максатында археологиялык табылгаларды кеңири коомчулукка алып чыгып, элге жайылтып, көпчүлүккө таанытуу үчүн мындай иш-чараларды сүрөөнгө алып жатат. Саккара көрүстөнүндө жашырылган мумиялардын арасында мышык, крокодил, жылан, канаттуулар жана дүйнөдөгү эң чоң доңуз бар. Археологдордун айтымында, рентген - мумификацияланган эң чоң мышыктар иш... Читать дальше...
Чаткалда «Вертекс» компаниясынын калдык сактоочу жайынын курулушуна каршы чыккандар чогулду. Райондун борбору Каныш-Кыя айылында өткөн жыйын учурунда «Вертекс Голд Компани» кен ишканасы салууну пландап жаткан өндүрүш жайынын курулушуна каршы пикирлер айтылды. Райондун тургуну жана жергиликтүү активист Өмүрзак Токтогулов Чаткал өрөөнүнүн экологиясынын бузулушун эске алуу менен, аталган фабрикадан иштетилип чыккан чыгындылар топтолуучу жайдын курулушуна каршы экендигин билдирди. - Чаткалда кен казууга 158 лицензия берилиптир. Читать дальше...
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев «Азаттыктын» иликтөөлөрүндө сөз болгон, өлкөдөн күмөндүү жолдор менен чыгарылып кеткен 700 млн. доллар ишкерлердин акчасы деп эсептей турганын айтты. Бул тууралуу ал 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. - Кыргызстанга бир жылда кеминде 2,5 млрд. долларга импорттук товар келет. Азыркы эсеп менен бизде 16 миңге жакын бизнес бар. Менин жеке оюмда 700 млн. Читать дальше...
Иракта жекшембиде жер-жерлерде бийликке каршы нааразылык акциялары уланды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Басра аймагында демонстранттар менен полиция кагылышып, бери дегенде жети киши мерт болду. Дагы төртөө Нассирияда, ал эми Нажаф менен Диванье провинцияларында эки адам ажал тапты. Кагылышта кеминде 150 киши жаракат алганы кабарланды. Анын алдында чийки мунайдын 85% өндүрүлгөн Басрада митингчилер дөңгөлөктөрдү өрттөп, кан жолдорду тороп салышкан. Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Читать дальше...
Журналисттик иликтөө жанрын башка ЖМКлар да колго алып, коомчулук ага колдоо көрсөтүшү зарыл. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси 25-ноябрда тараткан билдирүүдө айтылат. Бирикме «Азаттык», «KLOOP.kg» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип даярдаган иликтөө тууралуу пикирин билдирип, «Журналисттер өлкөбүздөгү коррупциялык көрүнүштүн бирин ачыкка чыгарышты. Ушунусу менен алар журналистиканын негизги вазийпасын аткарууга аракет кылышты» деп билдирди. Читать дальше...
103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.
Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.
103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.
Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.
103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.
Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости