Ирандын өзөктүк программа боюнча өкүлү сүйлөшүү үчүн Венага кайтып барды
Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани бул багытта сүйлөшүүлөрдү жандантуу үчүн кайрадан Венага кайтып барды. Жараян акыркы жолу Австриянын борборунда мартта болгон жана ошондон бери токтоп турган. Ирандын Тышкы иштер министрлиги 3-августта тараткан билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдү Европа Биримдиги координация кыларын, “тараптар сунуштаган идеялар талкууланарын” билдирди. Расмий Тегеран макулдашуу кабыл алынганга чейин өзүнүн атомдук станцияларындагы... Читать дальше...