Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"Бишкек" эркин экономикалык аймагын сындаган ишкер сурак берди

"Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы "мыйзамсыз иштер" жөнүндө айтып чыккан ишкер Илгиз Шаменов Улуттук коопсуздук комитетине чакырылды.

Шаменов 2-август күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Буга анын 28-июлдагы социалдык тармакта түз эфирге чыгып "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) 26 субъектиси "мамлекеттик жеңилдиктер жана артыкчылыктар берилген реестрге мыйзамсыз кирип алган" деп айтканы себеп болгон.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын ичинде жүздөгөн компания бар. Алардын ичинде 26 компания өкмөттөн мыйзамсыз артыкчылык алган. Бажы биримдигинин 7.1.11 пунктунда жазылып турат, мамлекет үчүн өтө керектүү, приоритет катары тандап алган ишканалар 7.1.11 пунктунун негизинде салыктардан бошотулат. Тагыраагы, алар Кытайдан товар алып келсе, мамлекеттин казынасына бир сом дагы салык төлөшпөйт, бажы алымын бербейт.

Ошол “Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы компаниялар артыкчылыктарды мыйзамсыз алган. Үстүнөн "ушул компанияларды киргизгиле" деген команда түшкөн. Алар эч бир документи жок, мындайча айтканда, "паспорту жок эле" уруксат кагазын берип коюшкан. Ошону менен алар бир сом да салык төлөбөй, мамлекетке эбегейсиз зыян келтирген.

Бул боюнча 2020-жылдын сентябрь айында "мамлекетке 118 млн. сом зыян келтирилиптир" деп иш козголгон. Жыйырма алты компаниянын бирөө гана мамлекетке келтирген зыянды төлөгөн, калган 25 компания төлөбөй койду".

Ишкерди суракка алган УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болбоду. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров айтылгандарды "суу кечпеген каралоо" деп эсептейт.

Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин чечими атамекендик өндүрүштү колдоо үчүн Кыргызстанда жок сырьёлорду алып киргенде бажы алымынан бошотууну көздөгөн.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын 26 субъектиси мамлекеттик реестрге ал кызматка келгенге чейин - 2018-жылы киргизилгенин билдирди.

"112 млн. сом боюнча прокуратура бизге козгогон эмес. Эркин экономикалык аймакта иштеген 20 субъект бар, 112 млн. сом бир эле СЭЗдики эмес, сыртта иштеген, мисалы, товар экспорт кылган Cool Bro's сыяктуу компаниялар бар. Анын үстүнө 112 млн. сом бизге түшө турган болсо, ал ЕАЭБдин бюджетине кетет. Ал жерде Кыргызстандын үлүшү 1,9% болот. Шаменов жана башка чаласабат блогерлер "Кыргызстандын бюджетине зыян келтирди" деп айтып атпайбы. Ал акча кандай болгондо да Кыргызстанга түшмөк эмес. 2018-жылы бажычылардын айынан ушундай ызы-чуу чыккан. Бул кылмыш эгер козголсо бажычыларга козголот, эч кандай СЭЗге же анын субъектилерине эмес. Бул 2018-жылдагы бийликтин учурунда болгон нерсе. Ошону азыр алып чыгып жатышат".

Кудрет Тайчабаров "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директорлугуна 2020-жылдын 14-ноябрында дайындалган. Эркин экономикалык аймактын жетекчилигине келгени коомчулук тарабынан анын дарегине сындар буга чейин да айтылган.

Жарандык активист Атай Бейшенбек Тайчабаров мекемени жетектеп турган мезгилде коррупцияга шек жараткан күмөндүү иштерге көп аралашып жатканын айтты.

"Менин булактарым берген маалыматка ылайык, эч кандай укуктук-ченемдик негиздемелери жок Тайчабаров жетектеп аткан мекеменин чечими менен "БиСталь" деген жоопкерчилиги чектелген коомдон ижаранын эсебинен Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа алынган. Ал ишкердик субъекти "Бишкек" СЭЗден жерди ижарага алып жатканы үчүн мамлекетке төлөп, каражат мамлекетке түшүшү керек эле. Бирок аны өз чечими менен унаага алмаштырып, анан ошол унааны кызматтык унаа катары пайдаланып жүргөн. Бул тастыкталган факты. Ошондой эле эч кандай тендер өткөрбөстөн, өз чечими менен дээрлик 110 миң сомго Iphone 12 Pro Max телефонун алган. Мунун бардыгы так маалымат. Менимче, укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, өз баасын берет".

Тайчабаров учурунда "Бишкек" эркин экономикалык аймагын укук коргоо органдары бир нече ирет текшерип, бир жолу да мыйзамсыз факты аныкталбаганын айтууда. Ал эми кызматтык автоунаа менен уюлдук телефон тууралуу маалыматтардын чоо-жайын мындайча чечмеледи:

"Эркин экономикалык аймакта буга чейин алынган кызматтык телефондор бар экен. Бизде көп субъекттер чет элдиктер, мисалы, кытайлар кеткен бойдон келбей коёт. Ошондой болбосун деп аймакка өзүнүн жумушу менен келген учурда "карызыңды төлө же автоунааңды чыгарбайбыз" деп алып койгонбуз. Бул чындык. "БиСталь" деген субъекттен алынган. 2008-жылы чыккан, эски эле унаа. Базар баасын мен азыр так билбейм. Иши кылып баалоочулар базар баасынан арзан кылып баалашкан. Аны айдап жүргөн учурда бизди бир жаш бала сүзүп алган. Ошондон улам ызы-чуу чыккан. Сот тарабынан тигилердин айыбы аныкталып атса дагы, баланын жакындары бизди күнөөлөп, блогерлерге барып арызданып ызы-чууну ырбатып жиберген".

Тайчабаров ага жалаа жаап жаткандар жооп беришерин, тиешелүү маалыматтар чогултулуп жатканын кошумчалады.

"БиСталь" компаниясынын Адилет аттуу өкүлү унаа тууралуу укканын, бирок так айта албай турганын билдирди.

"Авария болгон унаабы? Уккам аны, бирок чоо-жайын так айта албайм. Фирма СЭЗдин курамында, бирок иши бир топ жылдан бери токтоп турат. Бир айда бир-эки жолу эле продукция чыгарат".

Илгиз Шаменов буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде "Социал-демократтар" фракциясынан депутат болгон. Бир ай мурун мандатын тапшырып, Жетим-Тоо кенинин иштетилишине каршы жана "Бишкек" эркин экономикалык аймак менен Айыл чарба министрлигинин ишмердиктерин сындаган билдирүүлөрдү жасай баштаган.

Бул арада Илгиз Шаменов ага карата куугунтук башка тараптан да башталганын билдирүүдө. 2-август күнү анын "Тянь-Шань Форель" деп аталган балык чарбасын текшерүү үчүн Экотехинспекция менен Балык чарба департаменти тарабынан билдирүү-каттар барган.

Бул мекемелердин жарыша барган билдирүү каттары ишкердин атайын кызматка суракка алынган учуруна туш келип турат. Социалдык тармакка жазган билдирүүсүндө И.Шаменов муну өзүнүн курч билдирүүлөрүнө байланыштырып, саясий куугунтук катары атоодо.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстарды көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору Талант Иманкулов бул пландуу текшерүү экенин билдирди.

"Бул пландалган текшерүү. Ал май айында пландалып, Экономика министрлиги менен макулдашылган. Бул жөн гана пландуу текшерүү, эч кандай саясаттын таасири жок. 2018-жылдан бери ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилген. Андан бери пандемия болду, бийликте реформа болду. Келип-келип быйылдан баштап ишкерлерге кайрадан пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабыз".

Деген менен Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти ишкердин Нарын дарыясындагы ижарага алган аймагын кайра кайтарып алууну көздөп жатышканын айтты.

Департаменттин Аквакультура бөлүмүнүн башчысы Нурдин Бекболиев муну мындайча чечмеледи:

"Тянь-Шань Форель" боюнча, буга чейин алар эки жыл мурун Таш-Көмүрдө капас (садок) коёбуз деп участок алган. Ошол бойдон ал жерди өздөштүргөн эмес. Бизде жыл сайын конкурс өтүп турат. Балык багам дегендер көп да азыр. "Ошол жерге биз багат элек, өздөштүрүлбөй жатат" деп кишилер келип жатат. Келишимде деле "бир жылдын ичинде өздөштүрүлбөсө кайра кайтарылат" деп жазылган".

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын маалыматына ылайык, аймакта жалпысынан 318 резидент катталган, анын ичинен 2021-жылдын аягына карай 129у ишмердигин жүргүзүп жатат. Анын 56сы өндүрүш менен калганы соода-сатык жана кызмат көрсөтүү менен алектенет.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

«Северная красота» пусков Плесецка



Жизнь

Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024




Українські новини

Estischool - Школа за британською програмою



Новости 24 часа

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”



Game News

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



Москва

Участникам «Первых в медиа» рассказали об истории СМИ



News Every Day

Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy



Интернет

Новые наушники Nothing Ear и Ear (a) уже доступны



Москва

На дорогах Подмосковья зафиксировано более 763 тыс автомобилей утром 23 мая



Сергей Шнуров

Любовь Аксенова, Олег Трофим, Сергей Шнуров и другие на премьере фильма «Майор Гром: Игра»



Москва

«Большие семейные выходные» ждут свердловчан в начале лета



ATP

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP



Москва

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.



Желдорреммаш

АО "Желдорреммаш" проводит перезагрузку корпоративного проекта поддержки новаторских инициатив работников компании



Симферополь

Книжная тематическая полка « Русский писатель марийской земли»



Москва

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.



Москва

Собянин пригласил москвичей и гостей столицы на фестиваль «Рыбная неделя»



Москва

«Лето. Москва. Шавасана» — в Москве пройдёт Международная Конференция Йога Журнала



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Осторожно, Москва: в столице эвакуируют торговый центр Columbus

На юго-востоке Москвы оказалось затруднено движение из-за ДТП с шестью машинами

Володин: В РФ нужна предсказуемая налоговая система


Москва

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения






Rss.plus

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Moscow.media
Москва

В московской мэрии не планируют запрещать самокатам ездить по тротуарам



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Брановицкий

Создание сайта. Создание сайта с нуля. Создание веб сайта.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гонки на яхтах и практики лидеров рынка: предприниматели Татарстана станут участниками образовательной регаты в Москве

В Нижнем Тагиле прошел десятый благотворительный забег ЕВРАЗа и городской спортивный праздник «Дай пять!»

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»


Екатерина Александрова

Екатерина Александрова уступила Линетт во втором круге турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России