Жалал-Абаддагы электрондук тактама алуунун түйшүгү
Жалал-Абад шаарында ата-энелер 10 күндөн бери мектептеги жана бакчадагы балдары үчүн электрондук тактама алуунун түйшүгүн тартууда. Аймактык мекемелерде кезек узарып, эки күндөн бери тактама ала албай жаткандар нааразы. Кезек күткөндөрдү тейлөө үчүн кызматкерлер түнкү саат 10го чейин иштеп жатышат.