Салык кызматы Ошто соодагерлер алган эскертүү боюнча түшүндүрмө берди
Мамлекеттик салык кызматы мекеменин Ош шаардык башкармалыгынын соодагерлердин митингге чыгуусуна чек койгон эскертүүсү боюнча түшүндүрмө берип, буга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдады. Мунун алдында социалдык түйүндөрдө Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрамбек Карыбековдун атынан базарларга жана соода жайлардын администрацияларына жазган каты жарыяланган. Анда ал базар ээлеринен соода түйүндөрүн ижарага алгандар ар кандай митингдерге катыша турган болсо, алар менен келишимди токтотууну талап кылган. Читать дальше...