Беларуста TUT.by басылмасынын эки кызматкери узак мөөнөткө кесилди
Беларуста сот TUT.by басылмасынын мурдагы башкы редактору Марина Золотова менен "Тут Бай Медиа" компаниясынын директору Людмила Чекинаны узак мөөнөткө абакка кести. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди. Эки аялга тең Кылмыш кодексинин бир нече беренеси, анын ичинде мамлекеттик бийликти басып алууга ачык чакырык жасаган жана ажырымга түрткөн материалдарды тараткан деген кине коюлду. Чекинага салыкты жашырган деген да айып кошулду. Сот алардын ар бирин 12 жылдан кести. TUT.by сайты... Читать дальше...