Ошто милициянын ондогон кайгуул кызматкери нааразылыкка чыкты
28-июлда түн киргенде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына чыгышты. Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункуттан турган кат жолдошту. Алар министр Улан Ниязбековду бул ишке көңүл бурууга чакырышты. Нааразылыкка чыккандар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатканын белгилеп, Жумагуловдун келишин талап кылышты. Читать дальше...