Жыргалаңдагы көмүр кени 12 жылдан кийин ишке киргизилди
12 жылдан бери токтоп турган Жыргалаң көмүр кени иштей баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында көмүр кендин иши менен таанышты. Ал аталган көмүр кени Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кыларын белгиледи. "Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деген Жапаров. Читать дальше...