Жыргалаңдагы көмүр кени 12 жылдан кийин ишке киргизилди
12 жылдан бери токтоп турган Жыргалаң көмүр кени иштей баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында көмүр кендин иши менен таанышты. Ал аталган көмүр кени Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кыларын белгиледи.
"Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деген Жапаров.
Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет.
Жыргалаңда "Дөргө Көмүр" жана "Шахты Жыргалаң" эки ишканасы бар. Экөө тең жеке компания. "Шахты Жыргалаң" кенинде көмүр запасы 20 миллион тоннага жакын болсо, "Дөргө Көмүрдө" 4 миллион тонна кара алтын запасы бар.
Жыргалаңдагы көмүр кени жер алдында болгондуктан, көмүр казып алуу кооптуу болуп калган.
Буга чейин техника сатып алуу боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. (КЕ)