"Соттор соттолобу?" Коррупцияга шектелип камалган судьялар
Соңку бир айда пара талап кылууга шек саналып Бишкекте бир нече сот кармалды. Улуттук коопсуздук комитети сот системасындагы коррупциялык фактыларды аныктоо жүрүп жатканын кабарлады.
Соңку бир айда пара талап кылууга шек саналып Бишкекте бир нече сот кармалды. Улуттук коопсуздук комитети сот системасындагы коррупциялык фактыларды аныктоо жүрүп жатканын кабарлады.
Тегеранда хижаб кийүү эрежесин бузган деп адеп-ахлак полициясы кармагандан кийин комага түшкөн 16 жаштагы Армита Гераванддын "мээси өлгөнүн" ирандык медиага шилтеме менен АКШнын CNN телеканалы маалымдады. Tasnim кабар агенттиги Гераванд жаткан оорукананын дарыгерлери өспүрүмдүн өмүрүн сактап калууга аракеттеништи, бирок "анын мээси өлгөнүн аныкташты" деп жазды. Ирандагы укук коргоочулар кызды быйыл 1-октябрда Тегеранда метро станциясынын жанынан хижабсыз жүрөт деп кармап кетишкенин билдиришкен. Читать дальше...
Ош облусунун Ноокат райондук Маданият үйүнүн жетекчилиги жеке жактарга сатылып кеткен 57 сотых жерин кайтаруу үчүн төрт жылдан бери соттошууда. Маданият үйүнүн айланасындагы бак-дарак кыйылып, жери четинен сатыкка кетип жатканы маалым болду.
ХАМАС радикал кыймылы барымтадагы эки улгайган аялды бошотту. Буга чейин аталган топтун туткунунда 200дөн ашык израилдик бар экени кабарланган. Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга 49 аял, 105 жашы жете элек бала кайтарылды. Алар бир нече айлык реабилитациядан кийин үйлөрүнө жиберилди. Нарында соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылууда. Бүгүн шаардын борборунда базарда соода кылган ишкерлер акцияга чыкты.
Израил менен ХАМАС радикал тобунун 18 күндөн бери уланып келаткан согушу эки тараптан 7 миң 200дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу шейшембиде "Рейтерс" агенттиги маалымдады. Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде 5 миң 886 палестиналык каза тапканын Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маркумдардын 5 миң 791и Газанын, калган 95и батыш жээктин тургундары. Анклавда 16 миң 297 киши жарадар болду. Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-октябрда жаңжалда 1 миң 400 израилдик набыт болгонун кабарлаган.
Израил армиясы - ЦАХАЛ шейшембиге караган түнү Газа тилкесинде экстремисттердин 400дөн ашуун жайына сокку урганын билдирди. Газанын бийлиги эки аптадан бери уланып жаткан аба чабуулдарынан 5000дей адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.
ХАМАС радикал кыймылы барымтадагы эки улгайган аялды бошотту. Буга чейин аталган топтун туткунунда 200дөн ашуун киши бар экени кабарланган. Израил армиясы - ЦАХАЛ 24-октябрга караган түнү Газа секторундагы экстремисттердин 400дөн ашуун жайына сокку урганын билдирди. Газанын бийлиги эки жарым жумадан бери уланып жаткан аба чабуулдардан 5000дей адамдын өмүрү кыйылганын кабарлады ХАМАС куралдуу тобунун барымтасынан бошотулган 85 жаштагы израилдик аял Йохевед Лифшиц согушкерлер аны туткунга алган алгачкы күндөрү ур-токмокко алышканын айтты. Читать дальше...
Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр” иши боюнча коррупцияга шектелип кармалган ишкананын ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловго чечим чыгарганы эми белгилүү болду. 4-майда сот Токтогуловду Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Ачык тооруктарды, аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды (сатып алууларды) өткөрүүнүн тартибин бузуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 200 миң сом айып салынган. 10-июлда Октябрь... Читать дальше...
24-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапары башталды. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Ли Цян баштаган делегациялардын жолугушуусу өттү. Жапаров эки мамлекеттин мамилеси быйыл “тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин” белгиледи. Ли Цян бул сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана коңшулук мамилени бекемдей турганын айтты. Өкмөттүн маалыматында жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын түркүн багыттары талкууланганы айтылат. Читать дальше...
Кытайдын коргоо министри, генерал Ли Шанфу кызматынан алынып, Мамлекеттик кеңештин катарынан чыгарылды. Кытайлык маалымат каражаттары шейшембиде кабарлагандай, андай чечимди Эл өкүлдөрүнүн бүткул кытайлык курултайдын комитети кабыл алды. Министрди кызматтан алуунун себеби айтылган жок. Анын ордуна ким келери да белгисиз. Ли Шанфу августтун аягынан бери элдин алдына чыкпай калган. Ага чейин Орусия жана Беларуска барып кеткен. Батыштагы медиа анын кызматтан четтетилгенин, паракорлукка байланыштуу... Читать дальше...
Бишкек жылуулук борбору менен “Бишкек жылуулук тармагы” биригип, жаңы мамлекеттик ишкана түзүлөт. Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, эки ишкана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун курамынан чыгарылып, Энергетика министрлигинин алдында жаңы түзүлгөн ишканага биригет. “Бул ишкана толук кандуу каржыланып, оңдоо иштери жүрүп турушу үчүн ага түз субсидиялар берилет”, - деди Байгазиев. Жаңы түзүлгөн ишкана Бишкек шаарынын жылуулук электр системаларынын борбору деп аталат. Читать дальше...
Кыргызстанда мектептерде быйылкы күзгү каникул 6-ноябрда башталып, 12-ноябрда аяктайт. Ал эми окуу 13-ноябрдан тартып башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Жалпы 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңге жакын.
Мамлекеттик салык кызматынын чек лотереясы аймактар арасында алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарында өзүнчө уюштурулду. Аны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен бир миллион сом бөлүнгөн. Баш байгеге 100 миң сом акча коюлган жана аны шаардын Нураида Айтбаева аттуу тургуну жеңип алды. Мындан сырткары дагы 128 жаран 5 миң сомдон, 50 миң сомго чейинки байгелерге ээ болду. Жеңүүчүлөрдү атайын түзүлгөн комиссия текшерип, анын жыйынтыгы менен сыйлыктардын сертификаттары тапшырылат. "Чек талап кылып, байге... Читать дальше...
24-октябрда Нарын шаарынын борборунда базарда соода кылган ишкерлер салыктык талаптарга каршы акцияга чыгышты. Социалдык тармакка чыккан видеодон акцияга жүздөй ишкер чыкканын көрүүгө болот. Алар Салык кызматы патент системасын калтырууну жана ККМ-аппараттарды жокко чыгарууну талап кылышты. “Патент системасын, азыркы системасын калтырсын. Бизге ошол эле ыңгайлуу болчу,” – деди акцияга чыккандардын бири Умбеталы Базаркулов. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов нааразылыкка чыккандар менен жолугуп... Читать дальше...
Өзбекстанда чек арачылар жаңжал учурунда эки жергиликтүү тургунду атып салышты. Маркумдардын жакындары ок чыгаргандар кызматынан аша пайдаланган деп, аларды жоопко тартууну талап кылууда. Бул тууралуу 23-октябрда "Озодлик" радиосу жазды. Окуя 16-октябрда Кыргызстан менен чек арага жакын жердеги «Бустон» айылында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү үч киши коноктон кайтып келатканда, чек арачылар алар аткезчилик товарды алып баратат деп шек санап токтоткон. Натыйжада чек арачылар ок ачканда... Читать дальше...
Бишкек - Ош кан жолунун 81-чакырымында (Сосновка - Төө-Ашуу) жүк ташыган машиналардын каттамына киргизилген чектөө алынды. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы жол тазаланып, инерттик материалдар себилгенин билдирди. Буга чейин аталган ишкана кырсыктардын алдын алып, жолдогу тыгынга себеп болбошу үчүн ашуу ашкан айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга ооштуруп алып жолго чыгууга чакырган. Буга чейин "Кыргызавтожол" Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда каттамга чектөө жоктугун, жолчулардын күзөтү уюштурулганын кабарлаган. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагында мал уурулук күч алганын жергиликтүүлөр айтып даттанды. Мундуз, Токтогул айылдарында бир айда 30 баштан ашуун мал-жандык жоголгон. Айылдыктар уурунун артынан түшүп таап, милицияга өткөрүп берген.
Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева 24-октябрда маалымат жыйында билдирди. Ал белгилегендей, Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга, ага таасир эткен ички, тышкы факторлорго байкоо салып турат. Ал акыркы учурда долларга карата талап өсүп жатканын, бул сезондук көрүнүш экенин айтты. Улуттук банк валюта курсунун кескин өзгөрүүсүн алдын алуу үчүн чараларды көрө турганын кошумчалады. Мекеме доллардын кымбатташына байланыштуу... Читать дальше...
Израилдин армиясы – ЦАХАЛ жоочулардын барымтасындагы эки туткундун бошотулушуна карабай Газаны мурдагыдай эле бомбалай берерин билдирди. Башкы штабдын командачысы Херци Ха-Леви ХАМАС толугу менен зыянсыздандырылууга тийиш деп эскертти. ЦАХАЛдын шейшемби күну эртең менен тараткан маалыматына ылайык, радикал топтун Газа секторундагы 400дөн ашуун жайына сокку урулду, натыйжада бир топ жоочу жана бир нече кол башчылары набыт болду. Израиль армиясы шиийлердин иранчыл «Хезболла» тобунун Ливандагы объектилерин да бутага алды. Читать дальше...
Бишкекте дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча кезектеги улуттук конгресси өттү. Он жылдан ашык убакыттан бери такай өтүп келе жаткан иш-чарага Европа өлкөлөрүнөн келген адистер катышты. Анда өпкө ооруларына абанын булганышынын таасири тууралуу изилдөөлөр көрсөтүлүп, Кыргызстандагы жагдай тууралуу сөз болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан Борбор Азия жана Европа аймагында өпкө ооруларынан каза тапкандар көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда турат. Читать дальше...
Францияда Израилдин Бельгиядагы элчилигине кол салууну пландаган деген шек менен 15-16 жаштагы төрт өспүрүм кармалды. Алардын үчөө ингушетиялык жана чеченстандыктар. Бул тууралуу франциялык Le Parisien басылмасы жазды. Журналисттердин маалыматына караганда, ага чейин полицияга Тур шаарындагы коллеждин директору арызданган. Ал чеченстандык эки бала паркта жардыргыч заттарды сынап, ашынган ураандарды чакырып, башка окуучулар менен мугалимдердин жүрөк үшүн алганын айткан. Алар Сирияга барып, жихадчылардын тарабында согушууга үндөшкөн. Читать дальше...
Италия Сардиния аралындагы дыйкан чарбаларында иштөө үчүн кыргызстандык 100 чабанды алып келүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат сентябрдын ортосунда тараган. Долбоор 1.5 миллиондон ашуун фермердин башын бириктирген Coldiretti айыл чарба ассоциациясынын катышуусу менен ишке ашырылмакчы. Биздин маектешибиз, ассоциациянын Сардиниядагы регионалдык директору Лука Саба.
Ошто милициянын кыйноосуна кабылган кишинин иши боюнча облустук сотко арыз берилгенин «Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан “Азаттыкка” 24-октябрда билдиришти. Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундун мээси чайкалганы, баш сөөгү жабыркаганы тууралуу далилдерге карабастан шаардык сот адвокаттын өтүнүчүн “мөөнөт өтүп кетти” деген негизде канааттандыруудан баш тарткан. Укук коргоо уюму билдиргендей, окуя 2021-жылдын май айында болгон. Милициянын ур-токмогуна кабылган киши Улуттук коопсуздук... Читать дальше...
КМШ (көз каранды эмес мамлекеттер шериктештиги) арасында Кыргызстан эң аз пенсия төлөгөн өлкөлөрдүн катарында экени Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылды. Маалыматта белгиленгендей, Социалдык фонддун жана башка мекемелердин пенсия органдарында каттоодо турган пенсия алуучулардын жалпы саны бүгүнкү күндө 790 миңдей адамды түзүүдө. КМШ өлкөлөрү ичинен эң көп орточо пенсия Орусияда (243 доллар) жана Казакстанда (219 доллар), ал эми эң азы Тажикстанда (32 доллар). Тажикстандан бир... Читать дальше...
Бишкекте чет өлкөлүк студенттер тартип бузган же алардын өзүлөрүнө каршы мыйзамсыз иш-аракет жасалган окуялар көп катталып жатканын 24-октябрда шаардык милиция билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Медицина академиясынын жыйындар залында алар үчүн милиция кызматкерлери менен жолугушуу уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жолугушууга окуу жайдын администрациясы жана 600дөн ашуун чет өлкөлүк студент катышканы, аларга мыйзам талаптары, тартип бузуунун кесепеттери тууралуу маалымат берилди. Читать дальше...
103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.
Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.
103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.
Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.
103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.
Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости