Баткен: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюлду
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2-октябрда Баткенде өткөн жолугушуу тууралуу маалымат берди. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган. Алар мамлекеттик чек ара сызыгы (тилкеси) өткөн жерди баяндап жазып чыгууну улантуу тууралуу тапшырма бергени маалыматта айтылат. Читать дальше...