Европага быйыл кыш адаттан тышкары эрте жана ызгаар менен келди. Батыш Европада калың кардан улам айрым жерлерде коомдук транспорт токтоп, аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады. Германиянын көпчүлүк аймагында суук күч алып, кар калың түштү. Бавариянын борбору Мюнхенде 40 сантиметрге чейин кар жаап, шаардык транспорт дээрлик токтоп калды. Немис басылмалары мындай ызгаар өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери болбогонун жазды. Ноябрдын этегинде Чыгыш Европанын көп өлкөлөрү карга оронду. Кара деңизде пайда... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин 5-декабрдагы жыйынында Бишкек шаарынын мэриясына 1-январдан тартып абаны таза кармоо үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берүү чечими кабыл алынды. Пилоттук долбоорго ылайык, жаңы жылдан тарта мэрия абаны таза кармоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тиешелүү айрым ыйгарым укуктарга ээ болот. Эки жылдык мөөнөткө шаардагы транспортторго тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөө укугу да бар. Жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана... Читать дальше...
Казакстан санкция салынган жүктү Европага Түркмөнстан жана Иран кирген Түштүк маршрут аркылуу ташууну макулдашты. Казак Транспорт министрлиги билдиргендей, Беларус менен Европанын ортосундагы 13 чек ара пунктунун сегизи иштебей турат. Орусия-Финляндия чек арасындагы өткөрмө бекеттери да жабылган. «Мындай кырдаалдан улам казакстандык унаа каражаттары Беларус-Литва жана Латвия чек арасында көбүрөөк туруп калды. Андыктан биз жүктү Европага жеткирүү үчүн Түркмөнстан жана Иран менен транзит тууралуу сүйлөштүк”, - деп билдирди казакстандык мекеме. Читать дальше...
АКШ менен БУУнун карапайым тургундарды коргоого чакырганына карабай Израил армиясы Газанын түштүк бөлүгүнө абадан сокку урууну улантты. Ондогон палестин набыт болду. Аймакта ооруканалар толуп калганын, гуманитардык абал курчуганын эл аралык уюмдар эскертүүдө.
АКШ менен БУУнун карапайым тургундарды коргоого чакырганына карабай, Израил армиясы Газанын түштүгүнө абадан сокку урду. Базардагы соодагерлерге 2024-жылдын июль айына чейин патент менен иштөөгө уруксат берилди. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иш кайра жанданды.
Салык кызматы жыл башынан бери ишкерлерге орой мамиле жасаган жана мыйзамсыз аракеттерге барган 445 салыкчыга чара көрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 5-декабрда маалымат берди. Мунун алдында “Арча медиа” басылмасы Бишкек шаарынын Горький сейил багында соодагерлердин нааразылык акциясы маалында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиевдин быйыл 400 салыкчы иштен алынганын айтканын жазган. Мекеменин бул боюнча берген түшүндүрмөсүндө 445 кызматкерге жумуштан алуу... Читать дальше...
Бүгүн Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? Күндүн маанилүү окуяларынын тизмегин "Азаттык" сунуш кылат.
ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюму башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф ал-Кудра 5-декабрда эртең менен израилдик аскерлер Хан-Юнус шаарына сокку урганда бери дегенде 43 киши каза тапканын, дагы ондогону урандылар астында калганын билдирди. Ал Насер ооруканасы жарадарларга толгонун айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Газада жүргөн өкүлү анклавдын түштүгүндөгү абал улам оорлошуп баратканын билдирди. Читать дальше...
Өзбекстанда Фергана облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Фергана шаарында Достон Халилов аттуу кримчөйрөнүн дагы бир өкүлүн кармашты. Ал Бахтияр Кудратуллаев («Бахти Ташкентский») менен «тыгыз мамиледе болгонун» облустук башкармалыктын басма сөз кеңсесине шилтеме менен «Озодлик» радиосу маалымдады. Кабарга караганда, 1992-жылы туулган Халилов Кыргызстанга качууга аракеттенгенде «Достук» чек ара бекетинен кармалды. Ага карата бейбаштык беренеси менен кылмыш иш козголуп... Читать дальше...
Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги орусиялык “Боз уландын сөзү. Асфальттагы кан” деген сериалга тыюу салуу маселесин караштырып жатат. Министр Саясат Нурбек 5-декабрда Астанадагы журналисттердин суроолоруна жооп бергенде мекеме “Маалымат министрлигинен бир нече экспертти тартканын, зарыл болсо чечимдер кабыл алынарын, азырынча ызы-чуу байкалбаганын” билдирди “Азаттыктын” казак редакциясы жазгандай, агартуу министри Гани Бейсембаев жогорудагы сөздөрдү кайталап, “зомбулукка сабырдуу мамиле кылынбашы керектигин... Читать дальше...
Шейшембиде Орусиянын айрым аймактарында арктикалык суук күч алып, Сибирдин кээ бир жерлеринде абанын температурасы 58 градуска чейин төмөндөдү. Дүйнөдөгү эң суук шаарлардын бири – Якутскини дрондордон тартылган сүрөттөр көргөзгөндөй, ызгаардуу булуттар жана коюу туман каптады. Саха жумуриятынын (Якутия) бир нече жеринде шейшембиге караган түнү абанын температурасы 55 градустан, Оймякон шаарчасында 58 градустан төмөн болду. Синоптиктер нымдуулуктан жана шамалдан улам абанын табы -63кө жетиши мумкүн деп эскертишти.
2023-жылдын башынан берки тогуз айда Кыргызстандын элинин саны 92 800 адамга көбөйдү. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти. Улуттук статистикалык комитет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине шилтеме кылып маалымдагандай, быйыл тогуз айда 108 400 жаңы төрөлгөн ымыркай катталган. Ошондой эле бул аралыкта 23 100 адам каза болгон. Мындан тышкары быйыл январь-сентябрь айларында... Читать дальше...
Өлкөдөгү манасчылар "Манас" эпосунда камтылган маанилүү жалпы адамзаттык накыл ойлорду жана баалуулуктарды заманбап аудиторияга, айрыкча жаштарга жеткирүүнү көздөп келет. Учурда көркөм мурасты санариптештирүү аракетин көрүп жаткандар да жок эмес. Кыргызстанда жыл сайын 4-декабрда "Манас" эпосунун күнү белгиленет. Быйылкы иш-чараны уюштуруучулардын бири, манасчы Нурбек Талантбеков улуттук "Манас" театры жаңы муун үчүн атайын “Манас” эпосу боюнча логикалык тиркеме иштелип жатканын айтууда. Анын белгилешинче... Читать дальше...
Улуттук статистикалык комитет Башкы прокуратурага шилтеме кылып, быйылкы тогуз айда Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны 4,3% азайганын билдирди. Жалпысынан 36,5 миң кылмыш иши катталган, мунун ичинен 4 265 иш оор жана өзгөчө оор кылмыш иштери. "Быйылкы жылдын январь-октябрында жеке адамга каршы жасалган кылмыштардын саны мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,2% көбөйгөн. Мында зордуктоолордун саны - 1,8 эсеге, адам уурдоо - 27,6%, ден соолукка оор зыян келтирүү - 18% жана ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 12%... Читать дальше...
Октябрдан бери Грузияда дайыны чыкпай жаткан орусиялык активист Рафаил Шепелев Нижний Тагилдин тергөө абагында отурганын «Первый отдел» укук коргоо долбоору билдирди. Ага террордук уюмга мүчө болуу жана терроризмди актоо айыбы тагылды. 12-октябрда Шепелев Тбилисидеги үйдөн чыгып кеткен бойдон жоголгон. Достору ал Грузияда 2021-жылдын сентябрынан бери жашап жүргөнүн жана Орусияга кайтуу ниети болбогонун айтып беришкен. Укук коргоочулар аныктагандай, активистти алдап Цхинвал районуна чакырып, ошол жерден кармашкан. Читать дальше...
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда блогер Олимжон Хайдаровдун опузалап акча талап кылуу, жалаа жабуу беренелеринин негизинде сегиз жылга эркинен ажыратылганын айыптады. HRW уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Риттман 5-декабрдагы билдирүүсүндө: "Соттун Хайдаровду сегиз жылга кесүү өкүмү, анын ичинде өз оюн эркин билдирүүгө байланышкан айыптын тагылганы Өзбекстандагы сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарынын эркиндигине терс таасирин тийгизет" , - деп белгиледи. Читать дальше...
Бишкекте базарларда иштегендердин митинги уланды. 5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта, Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун жанында көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митинг өттү. Соңку бир аптадан бери уланып жаткан нааразылыктан улам президент Жапаров "Дордой" базарына барып, ишкерлерге жолукту. "Кытайдан келген товардын баары өтпөйт" 5-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарында жана Бишкектеги гүл саткан дүкөндөрдө иштеген 150дөн ашык соодагер акцияга чыкты. Читать дальше...
Reuters кабар агенттиги жазганына караганда, АКШ менен БУУнун тынч тургундарды коргоо чакырыктарына карабай, Израиль армиясы Газанын борбордук жана түштүк бөлүктөрүн бомбалоону улантты. Натыйжада ондогон палестиналык каза тапты, жарадар болду. Ок атышууну убактылуу токтотуу макулдашуусу соңуна чыккандан кийин курмандыктар өсүп жатканы тууралуу суроого Вашингтондун жогорку өкүлү жөөт бийлиги карапайым калкты коргоо үчүн жетиштүү чара көрүп-көрбөгөнүн айтуу азыр эрте экенин, аскерлери коопсуз деп... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-12-декабрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. 9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иш кайра жанданды. Бул иш боюнча соттук отурум Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук райондук сотунда 7-декабрга белгиленгенин “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы 5-декабрда билдирди. Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган. Анда судья Тажибаева Жамгырчиевдин жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин 5-декабрда Бишкектеги “Дордой” базарынын соодагерлери менен жолугушуу маалында айтты. “Келерки жылдын июль айына чейин азыр кандай болсо, ошол шартта иштеп тура беришсин. Мен өкмөттү, салыкчыларды топтоп, силерден делегаттарды кошуп, кеңешебиз. Анан чечим кабыл алабыз. Июль айына чейин патент менен иштеп тургула”, - деди президент. Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги... Читать дальше...
Бишкектин Арча-Бешик конушунда табылган наристенин тубаса жүрөк кемтиги бар экени, бирок абалы турукташкандыктан ымыркайлар үйүнө которулганы айтылды. Ал эми таштанды челекте табылган ымыркай Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборго которулганы маалым болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын отурумунда шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди. Шамырканованын айтымында, 19-ноябрда Арча-Бешик конушундагы... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) ички коопсуздук бөлүмү менен чогуу облус аймагында сойкуканаларды аныктаганын билдирди. УКМКнын басма сөз кызматы 5-декабрда тараткан маалыматка ылайык, интимдик кызмат көрсөткөн жайды милиция кызматкерлери калкалап келишкени аныкталган. Маалыматта жазылгандай, Жалал-Абад облусундагы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары (Б.Н.Д.) жана облустук... Читать дальше...
103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.
Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.
103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.
Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.
103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.
Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости