Бишкек: Балдардын тез жардам ооруканасына күнүнө 900дөй бейтап кайрылууда
Кезекте турган ата-энелердин арызы көбөйүшүнөн улам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-декабрда Бишкектеги №3 тез жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Анда оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун маалыматы боюнча, стационарга күн сайын 900гө жакын бала кайрылса, алардын 80% жолдомосуз келишет. Анын айтымында, өткөн сутка ичинде кабыл алуу бөлүмүнө 378 бала, хирургиялык бөлүмгө 79, кулак-мурун көңдөйү бөлүмүнө 156, травматология бөлүмүнө 269 бала кайрылган.