Ошто ала качуу үчүн шектүү катары үч киши кармалды
![Ошто ала качуу үчүн шектүү катары үч киши кармалды](https://gdb.rferl.org/1325A3AC-A495-4985-A86D-365FA41D2FD9_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ала качуу үчүн шектүү катары үч киши кармалганын маалымдады. Алар 22 жаштагы кызды ала качкан деп шек саналууда.
Мааалыматка ылайык, 21-январь күнү Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бирөөлөр 22 жаштагы кызды ала качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул фактыны ыкчам иликтөө учурунда ал кызды мажбурлап никелешүү максатында алып кетишкени аныкталган. 23-январь түнү кылмышка шектүү катары 22 жаштагы үч жигит кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда иш Жазык кодексинин 175-беренесинин («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. (TSh)