World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Айзаданын өлүмү: 44 милиция кызматкери жазага тартылды

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча иликтөөдөн кийин Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду.


ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун маалыматына караганда, алар өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн ишинен алынды.


Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругуна ылайык, Бишкек ШИИББнын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов кызматынан бошотулду.



Булардан тышкары министрдин буйругу менен Биринчи май РИИБнүн башчысы Акылбек Казакеев, орун басарлары Искен Базаркулов, Кубан Суранчиев, Айбек Озубеков, тергөөчүлөр жана нөөмөтчү кызматкерлер иштен алынды.


Кызматтан бошотулгандардын катарында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) эки нөөмөтчү кызматкери да бар.



ИИМдин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ), Биринчи май РИИБнүн жана Чүй облустук ОИИБнин бир нече кызматкерлерине “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү”, "катуу сөгүш" берилди.



Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазага тартылды.


Ошол эле күнү кызматынан бошотулган кызматкерлердин ордуна жаңылары дайындалды. 


Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын (ШИИБ) убактылуу жетектөөгө Азамат Ногойбаев келсе, анын убактылуу орун басары Тилек Туюкбаев болду.


Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын башчылыгына Кыргыйбек Курманалиев, Мелис Ниязалиев Биринчи май РИИБнүн башчысы болуп бекитилди. Биринчи май РИИБнүн башчысынын орун басарлары болуп Улан Орозалиев, Руслан Бердибаев жана Ж.Шералиев дайындалды.


Коомчулук буга чейин ички иштер министри Улан Ниязбековду да кызматтан кетирүү талабы менен митингге чыгышкан. Министр Жогорку Кеңешке барганда бул үрөй учурган трагедияда жоопкерчилигин сезерин айткан.




Прокуратура милициянын аракетине баа берет


Бишкектин прокуратурасы Айзада Канатбекованын окуясынан улам милиция кызматкерлеринин иш-аракетин «шалаакылык» беренеси менен тергеп-иликтей баштады.


Бир үй-бүлөнүн жалгыз кызынын өлүмү коомчулукта укук коргоо органдарына карата сын-дооматты күчөттү.



Прокуратура менен милиция Айзаданын киши колдуу болушу менен аяктаган окуяны териштирип жаткан чакта анын айрым жагдайлар белгилүү боло баштады. Бишкектин чок ортосунан аны машинеге күчтөп салып кеткен окуяга күбө болгон, бул тууралуу милицияга дароо кабарлаган адам “Азаттык” радиосуна көргөн-билгенин айтып берди. Бирок ал белгилүү себептерден улам атын-жөнүн ачык айтууну каалаган жок.



"Чынында мен кыз экенин деле түшүнгөн эмесмин, себеби мен жөө өтмөктөн өтүп бараткан адамды карап, ошону күтүп тургам. Бир нерсе болуп жатканын түшүнүп, унаамды токтоткончо, алар мени кыйгап өтүп, катуу жүрүп кетишти. Мага кишинин буту эшиктин сыртына чыгып калгандай көрүндү. Артынан айдап, кызыл автоунаанын номурун тагыраак көрүүгө аракеттендим. Алар аны байкап калып, ансайын катуу айдап кетишти. Мен милицияга адам уурдоо болгонун кабарлап, кызыл "Хонда-Сивиктин" мамлекеттик номурун да айтып бердим. Ошондо саат 7:21 болчу. Окуя болгон жерге түшкө жуук кайра келип, кызды күчтөп машинага салган учур "Фаизанын" (кафе - ред) видеокамерасына түшүп калганын көрдүм. Ошондо да милицияга кайра чалып, камерага түшүп калган видео бар экенин айткам. Мындай болуп кетерин билген эмесмин, өзүмдү күнөөлөп, "балким түшө калып кыйкырсам жакшы болмок беле" деп өкүнүп жатам", - деди күбө.



Ички иштер министрлиги (ИИМ)Айзаданы 200дөн ашуун милиция кызматкери күндөп-түндөп издегенин билдирген. Канатбекованын сөөгү ал уурдалгандан кийин үч күн өткөндө Бишкектин четиндеги машинадан чабан көргөндөн кийин гана табылган.




 


Бишкек менен Ошто Айзаданын өлүмүнө жол бергендерди жоопко тартууну, кыз-келиндерге карата зордук-зомбулукту тыюуну талап кылган нааразылык акциялары өттү.



Ушул тушта Бишкек шаардык прокуратурасы милиция кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берүү максатында «шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергѳѳнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгы жүргүзөт.



Милициянын ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбековду баамында, милиция кызматкерлери бул өлүмдүн алдын алууда бир катар алешемдиктерди кетирди.




“Машинанын номуру белгилүү болуп жаткандан кийин колго түшүрүү операцияны ыкчам түзүп чыгышы керек эле. Милициянын 15 сааттай убактысы болгон. Уюлдук телефон менен кайсы жерде жүргөнүн аныктоого мүмкүн. Бул 500 метр аралыктагы аймакты так аныктап берет. Алар жүргөн жер табылгандан кийин өздүк курам менен курчоого алыш керек болчу. Камераларга түшкөндөн кийин кайсы жерде баратканы, кайсы көчөдөн өткөнү тууралуу маалыматтар болуп турат. Окуяны курчутпай токтотуп калууга толук мүмкүнчүлүк бар эле”.



Бишкек милициясынын мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев 8-апрелде парламентте маалымат берип жатып, алешемдик тууралуу дооматты четке каккан. Матмусаев Айзаданын өлүмү үчүн милициянын атынан кечирим сураган.



"Апасынын арызында Айзаданын артынан түшкөн адам "психикалык жактан соо эместиги" тууралуу жазылган. Ошондуктан, биз 200дөн ашуун кызматкерди издөө иштерине салганбыз. Колдон келишинче иштедик, 16-18 сааттап иштеп жатабыз".






Айзаданын окуясын президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтылды. Премьер-министр Улукбек Марипов бейшембиде кечинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, ала качууга байланыштуу жазаны катаалдатууну сунуштады.



"Мен Жазык кодексиндеги бул беренени толугу менен кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Адам уурдоо тууралуу берене бар, ал үчүн эркинен ажыратуу каралган. Жакын арада аталган кылмыш түрү үчүн жазаны катаалдатуу максатында жогорудагы берененин ченемин кайра карап чыгуу зарыл", - деп айтылат өкмөттүн сайтындагы маалыматта.



Ал эми юрист Атыр Абдрахматова буларга токтолду.




“Бул окуя бардыгыбыздын жүрөгүбүздү титиретип койду. Мындай нерсеге ар бирибиздин жакындарыбыз кабылышы мүмкүн. Ала качуу, зордук-зомбулук менен күрөшүүдө биздин мамлекет артта калып жатат. Бул көрүнүш коомчулукта үрп-адат катары кабыл алынууда. Укук коргоо органдарын реформа кылып, анын башчылыгына аял кишини алып келүү абзел. Анткени аялдар стреотиптик көз-караштардан алысырак. Энелик инстинкт бар. Бул системада иштеген мырзалардын аялдарга болгон көз-караштарын, аң-сезимдеринин өзгөрүшүнө алып барат”.


27 жаштагы Айзаданы 5-апрелде үч адам Бишкектеги Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.


Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди.


Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.


Криминалдык милициянын кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган төрт кишини кармады. Колго түшкөн шектүүлөр шаардык милициянын тергөө абагына киргизилген.




Бир үйдүн жалгыз кызы, Айзада Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.


Кыргызстанда мындай кандуу окуя буга чейин да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.



Канатбекованын окуясынан кийин айрыкча социалдык тармактарда ала качууга жана зомбулукка кабылган кыз-келиндер өз окуясын ачык жарыялаган кампания башталды.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Поморье и НАО в текущем году родителям детей с инвалидностью оплачено более 15 тысяч дополнительных выходных



Мир

Туры в Гоа расширяют: ещё один туроператор предложит турпакеты на чартере




Українські новини

Як обрати дверну ручку для дому: Поради та рекомендації



Новости 24 часа

ИНСТРУКТАЖ ПО БЕЗОПАСНОСТИ



Game News

Cards Against Humanity sues Elon Musk for $15M, alleges that SpaceX invaded a plot of land it owns in Texas: 'Go **** yourself, Elon Musk'



Москва

Мощная вспышка произошла на солнце 23 сентября



News Every Day

New $100M DOJ lawsuit details the 'unseaworthy' condition of the ship behind Baltimore bridge collapse



Настроение

Розовое утро....



Москва

Стартует осенний поток курса подготовки профессионалов Digital Branding 2024



Дженнифер Лопес

Рассвирепевшая Лопес намерена рассказать нелицеприятную правду о фиаско Аффлека в спальне



Москва

Режиссера "Летучего корабля" Гарри Бардина госпитализировали в Москве



Людмила Самсонова

Титулы Самсоновой и Хромачёвой, неудача Касаткиной и прорыв Качмазова: как российские теннисисты проводят турниры в Азии



Москва

Центр восточной медицины в Петербурге



Алексей Сёмин

Можно ли стирать шторы: возможные риски



Симферополь

Урок безопасности «Огонь ошибок не прощает».



Москва

Центр восточной медицины в Петербурге



Москва

Более 14 тысяч жителей СВАО получили новые квартиры по реновации — Собянин



Москва

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в убийстве



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Мощная вспышка произошла на солнце 23 сентября

Центр восточной медицины в Петербурге

Центр восточной медицины в Петербурге

Центр восточной медицины в Петербурге


Москва

Более 14 тысяч жителей СВАО получили новые квартиры по реновации - Собянин






Rss.plus

Родители 317,2 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

В Подмосковье сотрудники Росгвардии провели встречу со студентами финансового университета

ИНСТРУКТАЖ ПО БЕЗОПАСНОСТИ

В Подмосковье сотрудники Росгвардии провели встречу со студентами финансового университета

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о проектах финалистов московских технологических конкурсов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Елена Волкова

Фестиваль «Большая сцена» приглашает к участию талантливых людей со всей России




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве состоялся чемпионат по плаванию среди команд столичного управления Росгвардии

«Спартак» — «Динамо» Москва — 2:2. Видеообзор матча РПЛ

Две медали привезли псковички с чемпионата России по пилонному спорту


Мария Шарапова

Марии Шараповой завидуют все русские женщины. И вот почему



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Как самая известная в мире картина Леонардо да Винчи «Мона Лиза» в середине советской эпохи оказалась в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России