Орусиядан дагы 100 миңдей IT-адис чыгып кетиши ыктымалдыгы айтылды
![Орусиядан дагы 100 миңдей IT-адис чыгып кетиши ыктымалдыгы айтылды](https://gdb.rferl.org/5BA1789B-8E9D-4DBF-8065-736E9D261E04_w800_h450.jpg)
Жакынкы айларда Орусиядан 70-100 миң IT-адис чыгып кетиши ыктымал деген божомолун 22-мартта Baza басылмасы Орусиянын Электрондук коммуникациялар ассоциациясынын башчысы Сергей Плуготаренкого таянып жазып чыкты.
Макалада айтылгандай, буга чейин чыгып кеткендердин саны 50-70 миңдин тегерегинде болду.
Плуготаренконун пикиринде, авиа билеттер кымбаттабай, акча боюнча транзакция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жоюлбаганда, Орусиядан кетип жаткан IT-адистер мындан да көп болмок.
24-февралда Орусия Украинада согуш баштагандан бери Бишкекте жана Ошто да орусиялык программисттер кескин көбөйдү. (RK)