Украинада каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилет
![Украинада каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилет](https://gdb.rferl.org/D30C6826-C0AD-40EE-8B1C-DE443B7FAF6E_w800_h450.jpg)
Бүгүн 23-мартта Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине алынып келери айтылууда. Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында туулуп өскөн орус жараны Эгемберди Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.
22-февралда окко учкан жигит 19 жашта болгону, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган. (RK)