Баткенден Бишкекке эвакуация болгондордун баары үйүнө кайтты
Баткендеги соңку каргаша учурунда үй-жайын таштап чыгууга мажбур болуп, Бишкекке эвакуация болгондордун баары кайра үйүнө жөнөтүлгөнүн 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 27-29-сентябрь күндөрү аларды Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдына чогултуп, жалпысынан 75 кичи автобус менен 1645 адамды жөнөтүштү.
Кичи автобустарды Бишкек мэриясынын Транспорт департаменти даярдап, күйүүчү майын толук бойдон ӨКМ камсыздады. Ошондой эле министрликтин кызматкерлери аларды Баткенге чейин коштоп кетишти.
Жалпы Баткен облусу боюнча 136 770 адам эвакуация болгон. Алардын көбү облустун башка аймактарына, калгандары Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарына жана Бишкек шаарына жайгашкан.
Эвакуация болгондордун басымдуу бөлүгү туруктуу жашаган жерине кайтты.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)