Баткен: Талкаланган 640 үйдүн 430у жараксыз абалда
Баткенде чек арадагы соңку окуянын кесепетинен талкаланып же күйгөн үйлөрдүн жалпы саны 640 экенин өкмөттүн басма сөз кызматы 29-сентябрда билдирди. Ал үйлөрдүн 430у жараксыз абалда, 210ун оңдоп-түзөө зарыл. Мындан тышкары, 11 административдик-стратегиялык объект, 18 социалдык объект (сегиз мектеп, жети бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт), 336 кошумча курулган жай, 197 чарбалык объект, бир автомобилдик көпүрө, 55 автомашина талкаланып, бузулган. Ушу тапта калыбына келтирүү иштери жүрүүдө... Читать дальше...