Сомалидеги жардыруу кеминде 100 кишинин өмүрүн кыйды
Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд 29-октябрда өлкөнүн баш калаасы Могадишодо эки унаа жардырылып, кеминде 100 киши каза болгонун билдирди. Жардыруу болгон жерде журналисттерге сүйлөгөн президент дагы 300гө жакын адам жараат алганын маалымдады.
"Биз эл аралык өнөктөштөрүбүздөн жана дүйнө жүзүндөгү мусулмандардан дарыгерлерди бул жерге жөнөтүүнү суранабыз, анткени биз жапа чеккендерди дарыланууга өлкөнүн сыртына жөнөтө албайбыз", - деди Махмуд.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каида” менен байланышы бар “Аш-Шабааб” террордук тобу өзүнө алып, алар мусулман эмес өлкөлөрдөн колдоо алганы үчүн Билим берүү министрлигин бутага алганын билдирди.
Махмуд жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер Могадишодо зомбулук экстремизмге жана "Аш-Шабааб" тобуна каршы күрөшүү боюнча кеңейтилген аракеттерди талкуулоо үчүн жолугушту.
Америка Кошмо Штаттары "Аш-Шабааб" тобун "Аль-Каиданын" эң кандуу топторунун бири деп санап, бул топту акыркы жылдары аба соккулары менен бутага алып келүүдө.