Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Кыргызстанда жоюлган кыргыз класстар

Кыргызстанда жоюлган кыргыз класстар

“Эл үнү” түрмөгүнөн Кеминдеги кыргыз тилдүү класстын жабылып калышына нааразы ата-энелер, Дача СУ конушунан кенемте сураган эне, 14 жылдан бери дайын-дареги жок агасын издеген баткендик келин тууралуу баянды уга аласыз.

Кемин шаарындагы Азамат Сурантаев атындагы №2 мектепте 1-класстардын арасында кыргыз тилдүү класстын жоюлушуна ата-энелер нааразы.

Окуу жылынын башында кыргыз тилдүү класста онго жетпеген окуучу болгондуктан, аны жоюп, ордуна орус тилде билим берген класс ачышкан.

“Азаттык” радиосуна кайрылган ата-энелердин бири Гүлжан Молдалиева Кыргызстанда жашап, балдарын кыргызча окута албаган жагдайга дуушар болгонун айтууда.

“Орус тилиндеги класста 35 бала бар экен. Ал эми кыргыз класска болгону сегиз окуучу катталыптыр. Анан кыргыз классты жаап, орус класс кылабыз дейт. "Кыргыз тилдүү мамлекет болгондон кийин балдарыбыз кыргызча билим алышы керек да, андан көрө орус класстан бир аз орусчасы жакшы эместерин алып келип толуктабайсыңарбы?!" десек, “Кааласаңар кайрадан нөлүнчү класска бергиле. Болбосо башка мектепке алып баргыла” дешти. Менин бардык балдарым, неберелерим ушул мектепти кыргызча эле бүтүшкөн. Башка мектеп алыс да. Жаныбызда турган мектепте балдарыбызды кыргызча окута албасак, бул эмне деген жагдай?”.

Кыргыз тилдүү класска баласын бергиси келген дагы бир ата-эне Дамира Мукашева баласын Кемин шаарындагы башка мектепке алып барса, ал жакта орун жок экенин айтышкан.

“Мен мектептин директоруна чейин кирип чыктым. Алар “министрликтен жабылсын деп айтып жатышат” деп жооп беришти. Башка мектепке барсак, ал жакта да окуучулар класска батпайт. Көп экен. Эми арасат абалда калдык. Балдарыбыз орусча таптакыр түшүнбөйт”.

Небересин эми кайда алып барарын билбей отурган Өмүрбек Абыкеев билим берүү кызматкерлери башка мектептердеги ашыкча окуучуларды бул мектепке бөлүштүрсө болмок деген пикирде.

“Окуу жылы жаңы башталганда эле жаап салышпадыбы. Бир айча чыдап, башка мектептерге маалымат беришсе, ал жактан кыргызча окуткусу келгендер алып келмек”.

Кыргыз тилдүү класс жоюлган Кемин шаарындагы №2 мектептин мүдүрү Коммунистбек Өмүркулов аталган мектепте окуучулар аз болуп жатканын белгилеп, жоюлган класстын окуучулары Кемин шаарындагы башка эки мектепке барып окуса болорун түшүндүрдү.

“Класс толбой калды. Райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашып, анын ордуна орус тилдүү классты экиге бөлдүк. Сегиз окуучу менен классты түптөө мүмкүн эмес экен. Бул боюнча райондо атайын кеңеш болду. Экономисттен да сураганбыз. Бул эле эмес эки 11-класс да жабылуу коркунучунда турат. Бирөөндө сегиз, экинчисинде тогуз окуучу бар. "Аз окуучу окуган класстарды жаап, балдарды Кемин шаарындагы №1 жана №3 мектептерге жибергиле" деп жатышат”.

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Шопокова кыргыз тилдүү класс оптималдаштыруу жөнүндө атайын жобонун негизинде жабылганын билдирди. Ал мугалимдер балдарга кыргыз тилинде билим берүү жеткиликтүү болорун жайында мектеп жашына келип калган балдардын санын тактаган учурда ата-энерлерге түшүндүргөнүн айтты.

“Шаардагы бир мектепте окуучулардын саны бир класска жетпесе, анда класс жабылып, анда окугандар калаадагы башка мектепке көчүрүлөт. Ал ортодогу аралык үч чакырымдан алыс болбошу керек. Бир класс үчүн кеминде 14 окуучу болушу керек. Жободо ушундай жазылган. Аз окуучу менен класс ачылган учурлар четтеги айылдарда. Андай айылдарда башка мектепке барууга мүмкүн эмес”.

Ошентип Кемин шаарындагы Азамат Сурантаев атындагы №2 мектепте 2022-2023- окуу жылында 1-класстардын арасында кыргыз тилдүү класс ачылбай калды.

"Эл үнү" уктуруусунун аудио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

“Азаттыкка” Сокулук районуна караштуу Дача СУ айылынын тургуну Гүлүмкан Канатова эки маселе боюнча кайрылган. Угарман 2017-жылы январдагы Дача СУ окуясында талкаланган үйү үчүн кенемте ала электигин, конуштун элин коопсуз жайга көчүрүү иштери качан жүрөрү тууралуу суроо узаткан.

“Менин үйүм жараксыз болуп калган. Мен кенемте албай калгам. Мына ушул маселемди коомдук комиссияга айтып, документтеримди алып барып бергем. Ал эми Дача СУ конушунун тургундарын коопсуз жайга же көп кабаттуу үйгө көчүрүү убадасы качан аткарылат? Менин суранычым, коомдук комиссия ушул маселелер, кылган иши тууралуу жооп берсе”.

Бул боюнча Дача СУ конушундагы учак кырсыгынын себеп-кесепетин иликтеген коомдук комиссиянын төрага орун басары Мавлян Аскарбековго кайрылганыбызда, Гүлүмкан Канатова менен буга чейин жолугуп маселесин укканын, анын турак жайынын талкаланышы учак кырсыгына тиешеси жок экенин түшүндүрдү.

“Гүлүмкан эже биздин комиссияга арыз менен келген. Мен анын өзү менен жолугуп сүйлөшкөм. Ал эжени комиссиянын отурумуна да чакырганбыз. Биз Канатованын арызын жергиликтүү бийликке тапшырып, жеринен текшерип келгиле деп тапшырганбыз. Буга чейин эле кырсык болгондон кийин түзүлгөн комиссия бул адамдын арызын жеринен текшерип, сүрөтүн тартып, акт да түзгөн экен. Анын жер тилкеси учак кулаган жерден бир топ эле алыс жана жанындагы үйлөр ураган эмес деген тыянак чыгарып беришкен. Ошого байланыштуу кенемте маселесин чечүү мүмкүн эместигин биз комиссиядан да баса белгилеп айтканбыз”.

Мавлян Аскарбеков ошондой эле конуштун тургундарын башка жакка көчүрүү демилгелери ушул күнгө чейин мамлекеттен колдоо таппай келатканын кошумчалады.

Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия май айында ишин баштаган. Ноябрдын башында комиссия ишин жыйынтыктаганы, даярдалган отчет жакында президент Садыр Жапаровго киргизиле турганы маалым болду.

2017-жылдын 16-январында "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык компанияга таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч каза болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган. 2021-жылдын декабрь айында президенттин аппараты Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУга байланыштуу кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын кабарлаган.

"Эл үнү" уктуруусунун аудио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

Лейлек районунан Манзура Жапарова 14 жылдан бери агасы Авазбек Жапаровдун дайын дарегин таппай, кимге кайрыларын билбей жатышканын айтат. Авазбектин туугандары анын аскердеги 1980-жылдардагы сүрөтүнөн башка бир да сүрөтү сакталбай калганын айтып кайгырышууда. Ал эч качан видео, сүрөткө түшчү эмес экен.

“Авазбек Жапаров Сайтбурханович 1968-жылы 10-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Агам 2007-жылы Москва шаарын иштегени кеткен. Кетип жатканда “Орусияда Чернобыл окуясынын ардагерлерине жакшы мамиле кылышат экен. Мен ошол жакка барып эле жашайын” деп айткан айткан. Ошол бойдон дайынсыз болуп кетти. Таанып-билгендерден да эч ким көрбөптүр. Өз алдынча эле издедик. Сураштырып жүрүп эч кандай маалымат таба албадык. 2020-жылы бир айылдашыбыз Орусиянын Москва облусундагы бир айылда көргөндөр бар экен деп айтып келгенден кийин кайра үмүттөнүп калдык.

Манзура Жапарованын кайрылуусу боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын инспектору Адинай Шаршеева Орусияга баргандан кийин дайын дареги табылбай калгандар боюнча ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү иш алып барарын билдирип, кайырлуу жол-жобосун түшүндүрүп берди.

“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон адамдар боюнча:

+7 499 653 87 00;

+7 926 890 87 00;

+996 312 97 55 25;

ишеним телефондору же predstavitelstvomvd@mail.ru жана predstavitelstvorf@mvd.kg электрондук даректери аркылуу маалымат берүүнү суранат”.​

"Эл үнү" берүүсүнө сунуш-пикир, кайрылууларды +996 312 21 94 23 шаардык номери аркылуу жана WhatsApp, Telegram тиркемелеринен +996 550 988 755 номерине жиберсеңиз болот.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Архангельские команды успешно стартовали в финале Ночной хоккейной лиги



Мода

Легкие весенние образы на все случаи жизни






103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Сразу двух американцев арестовали в России: один из них уснул в библиотеке

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?

Прилучный соскучился по судам: актер обжаловал иск по алиментам


Москва

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?






Rss.plus
Moscow.media
Москва

Собянин: В дома и соцобъекты Москвы будет возобновлена подача тепла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Светлана Сурганова

Светлана Сурганова выступит на фестивале «Окна Открой»!




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.

На международной выставке-форуме "Россия" в Москве завершилась тематическая неделя спорта


ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В преддверии Дня Победы росгвардейцы совместно с кадетами раменского «Гвардейского класса» возложили цветы к памятному монументу



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России