Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"Айдоочулук күбөлүк белекке берилчү". Коррупциядан арылбаган тармак

Президент Садыр Жапаров өлкөдө айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык схемаларды жоюуга өзгөчө көңүл бурарын билдирди.

Жапаров 12-ноябрда Фейсбуктагы баракчасында “Унаа” мамлекеттик ишканасынын иши ал жакта иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганча жеке көзөмөлүндө болорун жазды. Айрыкча, айдоочулук күбөлүк берүүнүн жол-жобосуна көңүл буруу зарыл болуп турганын айтты.

Президент айрым аткаминерлер айдоочулук күбөлүктү жакындарына "белек катары берип жатканы белгилүү" экенин, ошондой эле жеке киреше табуу үчүн коррупциялык схемалар түзүлгөнүн белгилеген. Коррупциялык схемалардын бири катары “Унаа” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалындагы көрүнүштү мисал катары жарыялап, сүрөтүн дагы тиркеген.

"Компьютер аркылуу гана сынак тапшыруу керек деген талаптар болгонуна карабай, аны да айланып өтүү амалдарын көргөндөр болууда. Төмөндөгү сүрөттөр менен тасмада “Унаа” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы кылып зымсыз “мышка”, дүрбүгө чейин колдонулганын көрүүгө болот. Алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушкан”, - деп жазды президент.

Президент мындай коррупциялык схемалардын артында кимдер турарын билерин айтып, аларга мыйзам чегинде катаал чара көрүлөрүн эскертти.

"Унааны" ИИМден бөлүү сунушу

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуудагы коррупциялык схемалар тамыр жайганын айтып келген айрым активисттер президенттин бул маселеге көңүл бурганын кубаттап жатышат. МАИ кызматкерлеринин мыйзам бузууларын ашкерелеп, интернетке жарыялап жүргөн активист Эртай Исаков буларга токтолду:

“Мага келген маалымат боюнча мындай иштерге ИИМдин жетекчилери, атайын кызматтын кишилери дагы аралашат. Кармап алган фактым жок, бирок маалыматка ишенем. Бул жакта чоң акча роль ойнойт. Бизде “өзүбүздүкү” деген түшүнүк бар. Күч кызматкерлери “буга берип кой, тигиге берип кой” деп коррупцияны калкалашат. “Унаа” азыр ИИМдин карамагында. ИИМ эмнени айтса, “Унаа” аткарат. Ишкананы ИИМден бөлүш керек. Анан айдоочулук күбөлүк берүүдөгү сынакта видео байкоо менен кошо аудиону дагы коюш керек. Айдоочулук күбөлүк берген комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрүн аралаштырып, кызматкерлерди тазалоо зарыл”, - деди активист.

Эртай Исаков айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупция да күн сайын жол кырсыктарынын катталышына себеп болуп жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаровдун былтыр декабрдагы "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, "Унаа" мекемеси Ички иштер министрлигинин карамагына өткөн. Ошол учурда айрым активисттер коррупция күчөй турганын айтып, “Унааны” өзүнчө ишкана кылууну сунушташкан.

Коррупциядан арылбаган "Унаа" ишканасы

2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн. Ошол кездеги бийлик муну корупцияны азайтуу жана документ берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөтүү деп түшүндүргөн. Анткен менен автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу мекеме айыптоолордон арылбай келет.

Айдоочулар күбөлүк алуу же машинени каттатууда ишкананын жанында жең ичинен оңой жана тез бүтүрүп берүү “кызматын” сунуштаган ортомчулар бар экенин айтып келишет. Жакында эле "Унаа" ишканасынын Бишкектеги бөлүмүнө документ бүтүрүү үчүн барган Максат мындай деди:

"Айдоочулук күбөлүк алуу мурункуга караганда акча менен бүтүрүү азайып калды окшойт. Эл окуп, анан алалы деп калдыбы же көзөмөл күчөдүбү, билбейм. Мен анча-мынча машине менен иштеп калам. Ал жерге барып 500-1000 сом берсең ары-бери жумшап, документ чогулттурбай бат эле бүтүрүп берчү кишилер бар. Ал жерге күнүгө канчалаган кишилер барат. Бул биз көргөн майда коррупция", - деди ал.

Атайын кызмат “Унаанын” кызматкерлери пара менен кармалганын байма-бай жарыялап турат. Коррупциялык иштерге байланыштуу айрым жетекчилери иштеп алынып, соттолгон учурлар дагы бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупцияны жоюу боюнча сунуш айтып жүргөндөрдүн бири.

“Коррупцияны кыскартуу үчүн комплекстүү иш жүрүшү керек. Мектепте окуткандар дагы, күбөлүк бергендер дагы күнөөлүү. Документ берген ишкананын жетекчилерин толук алмаштыруу керек. Анткени ал жерден акча жеп көнүп алышкан. Дүрбү менен көрүп тапшырган чекеси эле, алардын жүздөгөн амалдары бар. Ошондуктан алардын толук иштен алып, сынак менен кайра тандаш керек. Ошондой эле айлыктарын көтөрмөйүн коррупция кыла беришет. 25 миң сом берип, пара алба дегенге көнбөйт. Биз бул боюнча көп жолу айтып жүрдүк. Күбөлүктү дээрлик баары сатып алган. Бул жол кырсыктарына себеп болуп жатат”, - деди депутат.

Учурда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектептерде 2-3 ай окуп, анан “Унаа” мамлекеттик ишкансынын бөлүмүндө сынак тапшырат. Компьютер аркылуу тесттен өткөндөн кийин айдоочулук күбөлүк берилет. Айдоочулар күбөлүк алуу үчүн үч жолу гана сынак тапшыра алат. Андан өтпөй калса, кайра автомектепке окууга жөнөтүлөт.

Быйылкы жарым жылда айдоочулуктун теориясы боюнча 288 577 жолу сынак тапшырылса, анын 24,4% гана ийгиликтүү болгон. Ал эми практикалык сынак 172 919 жолу өткөрүлүп, 23% талапкер өтпөй калган.

Кыргызстанда быйыл 142 автомектеп текшерилип, алардын ичинен талапка жооп бербеген 18и жабылып, дагы 47сине айып салынган. Расмий маалымат боюнча Билим берүү жана илим министрлиги баш-аягы 272 автомектепке лицензия берген. Буга чейин айдоочуларды окутуу үчүн уруксат кагаздарын Билим берүү министрилиги берип келсе, былтыр декабрда бул милдет Ички иштер министрлигине жүктөлгөн.

ИИМдин 13-октябрга карата берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынан 477 адам набыт болду. Анын ичинде 79 бала бар. 7888 киши түрдүү жараат алган, анын ичинде 1672си балдар болгон.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Архангельские команды успешно стартовали в финале Ночной хоккейной лиги



Мир

Российский турист напился и улегся спать на карнизе второго этажа музея, шокировав прохожих






103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

В Мурманске состоялся фестиваль психологии «Север»

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.

Анна Данилова дала старт Всероссийской акции "Синий платочек Победы" 2024 на станции метро Курская

Генсек ООН направит Владимиру Путину письмо в связи с инаугурацией


Москва

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».






Rss.plus
Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Путина со вступлением в должность президента России



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певица

Певица Кристина Орбакайте показала фото с мужем из путешествия по Италии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Матч ЦСКА - "Рубин" завершился со счетом 2:2

В Москве в 12-й раз пройдет фитнес-фестиваль «ФитЭкспо 2024»

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Стефанос Циципас

Паула Бадос и Стефанос Циципас расстались | Виды спорта



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Собянин поздравил Путина со вступлением в должность президента России



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России