Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Баткендин каарман элине таазим

Баткендин каарман элине таазим

Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Баткенде согуш чыгып, ок атышуу болуптур" деген суук кабарды уккан сайын ата-бабалары жашап келген чек ара айылдарындагы жүрөкзаада болгон бейкүнөө элдин кантип азып-тозуп качкан аянычтуу абалы дароо көз алдыма тартылат. Ушундай абалды Тажикстанда болуп өткөн согушту көргөнүм үчүн жаным жай албай, заманым тарый түшөт.

Ошондо кыргыздын күйдүрүп сүйлөгөн даанышман уулу, ыраматылык Салижан Жигитовдун жан дүйнө өрттөнүп жаткандагы абалды туюндурган болуш керек, "Шуулдаба теректерим, шуулдаба, шуулдасаң ыйлагым келет менин" деген ыр саптары эсиме келе калат. Кан-жаны тырмак менен эттей ажырагыс короо-жайын, мээнет менен багып өстүргөн бак-шагын, жер тырмап жыйнаган мал-мүлкүн да таштап, өз өлкөсүндө кара жанын алып качууга аргасыз болгон элдин аянычтуу абалын элестеткенде, мен дагы Салижан Жигитов айткандай ыйлагым келет.

Кыргыз эл акыны, маркум Эрнис Турсунов: "Памирдин суугуна чыдаса топоз чыдайт, илбирс чыдайт, анан кыргыз чыдайт" дегендей, Баткен чек арасында чыдаса жүрөгү кыргыз элим, жерим, мамлекетим деп соккон Баткендин каарман эли гана чыдайт деп айтаар элем. Башкалардын чыдашына көзүм жетпейт.

Ырасын айта турган болсок, Баткендин жеринин бардыгы эле дыйканчылыкты дүркүрөтө турган топурактуу жер эмес. Шагыраган шагыл. Мына ушундай жерди көз күйдүргөн өрүкзарга, баалуу күрүч өстүргөн шалызарга айландырган мээнеткеч, көкүрөгүн ок менен отко тайманбай тоскон бул эл жөнөкөй эл эмес. Мен бул элди баатыр эл деп айтар элем.

Ата мекениңде, киндик каның тамган айылыңда бир күн же бир жыл эмес тээ союз доорунан бери тынч жашай албасаң, бүгүн же эртең кандайдыр бир коога капысынан баштала тургандай уйкуңдан безсең, убактылуу жашап жаткансып такай санаага батып жүрсөң, бул жарык дүйнөгө жаралуунун жана жашоонун кандай мааниси бар? Бул азап, кайгы. Адам баласы үчүн мындан артык дагы кандай бактысыздык болушу мүмкүн?

Борбордон алыс турган Баткен элинин чыдамына, сабырдуулугуна, ыймандуулугуна, каармандыгына миң мертебе таазим кылам. Кычыраган кыш кылычын кезеп келаткан маалда үй-жайларынан ажырагандардын турак-жайлары суук түшкөнгө чейин бачым тургузулса экен деп, Жараткандан тилегенден башка аргам жок. Ушундай кысталыш учурда студенттик отряддар түзүлүп, курулушка жардам беришсе жакшы болор эле.

Баткен элин мен өзүмдүн жакын тууганым деп эсептейм. Аларды урматтап сыйлоого, муштумдай жүрөгүмдөгү жылуу сезимимди арнап жүрүүгө милдеттүүмүн. Анткени Баткендин эли менен Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунда жашаган кыргыздардын кадим замандардан берки тарыхый бир туугандыгы жана карым-катышы болуп келген. Бул эки райондун ортосун бийик тоолор менен ашуулар гана бөлүп турат.

Жерге-Талдын тарыхты жакшы билген карыялары илгерки ачарчылык, жокчулук замандарда ошол бийик тоолорду ашып Баткенге барышканын, азып-чарчап келгенде баткендиктердин тузун көп ичишкенин, кыргыз жеринде үч-төрт ай мандикерлик кылгандан кийин кайра кайтканда алар эч нерселерин аябай узатып коюшканын Баткен эли жергеталдыктардын кыяматтык тууганы экенин биз жаштардын кулагыбызга куюп турушкан. Ошол бир туугандыктын шарапаты менен Жерге-Талга жүздөгөн баткендиктер көчүп барып, жергиликтүү элге жуурулушуп жашашкан. Куда болушкан. Союз тарагандан кийин Тажикстанда саясий абал начарлай баштаганда, алардын дээрлик бардыгы Баткенге көчүп кетүүгө мажбур болушкан.

Кыргыз мамлекетинин чек арасында атылган октон да, мекендин бүтүндүгү үчүн курман болуудан да коркпой, сабырдуулук менен жашап келаткан Баткендин тайманбас элинин дыйканчылыгына, багбанчылыгына, илим-билим менен маданиятына умтулган дараметине, чыгармачылык жөндөмүнө, адамды таң калтырган үлгүлүү өзгөчөлүктөрүнө тан бербей коё албайсың.

Колдорунан көөр төгүлгөн уздардын, жыгачка жан киргизген алтын колдуу усталардын башка жерлерде чанда кездешкен эмгектери республикабызда эле эмес, керек болсо чет өлкөлөрдө да даңазаланып келатканын жакшы билебиз.

Шагыраган шагыл аралашкан жерлерге өстүргөн өрүкзарларынан өрүктүн таӊдайды тамшандырган не деген таттуу түшүм жыйнап, үй-бүлөсүнүн да, өлкөнүн экономикасын да өнүктүрүүгө омоктуу салым кошуп келаткан мээнеткечтигине миӊ мертебе алкыш айтса да аздык кылат. Табият Кыргызстандагы адамзатты таң калтырган Айгүл тоону Баткен жергесинде жаратып койгону бекеринен эмес болсо керек деген тунук ойдо каласыӊ ушулардын баарына астейдил ой жүгүрткөндөн кийин.

Баткендин ажайып жери, элинин ыймандуулугу, сабырдуулугу жана меймандостугу менен өзгөчөлөнгөн баалуулуктары, турмуш-тиричилиги, атактуу инсандары тууралуу кенен маалыматы жок мекендештер бар. Ошол себептен массалык маалымат каражаттары аркылуу бул тууралуу телетасмалар тартылып, документалдуу очерктер, публицистикалар, макалалар байма-бай таратылып турушунун ар тараптуу мааниси бар. Бул сунушту тийиштүү жетекчилерибиз эске алат болуш керек.

Республикабызда эле эмес, чет өлкөлөрдүн коомчулугуна да таанылган баткендик инсандар жөнүндө айта турган болсом, алардын тизмеси абдан узун.

Тээ союз доорунда революциянын каарманы Уркуя Салиеванын айкелин борборубуздун ортосуна орноткон Кыргыз Республикасынын Баатыры, атактуу айкелчи Тургунбай Садыков, булбулдун үнүндөй дирилдеген мукамдуу үнү менен дүйнө элдеринин назарын багындырган Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Саламат Садыкова, илим тармагындагы философ Рахат Ачылова, облусту бир нече жыл билгичтик менен жетектеген Мамат Айбалаев, тышкы иштер министринин орун басарлыгына жана элчи кызматына чейин жеткен мыкты дипломат Бактыгүл Каламбекова, Жогорку Кеңештин депутаты жана министрлик кызматка чейинки жооптуу кызматтарды аркалай алган Улукбек Кочкоров, жумурияттын суу чарба тармагын өркүндөтүүгө барандуу салым кошкон Баратали Кошматов, мыкты көркөм чыгармалары менен кыргыз абадий казынасын байыткан акын-жазуучулар Курбаналы Сабыров, Мурзапар Үсөн, Аскар Ражабалиев, Топчүгүл Шайдуллаева, Абдилаат Дооров чыгармачылык өзгөчө дараметтери менен адамдын жүрөк кылдарын күүгө келтирген белгилүү ыры-обончулар Апаз Жайнаков, Бабаравшан Тургунбаев, кыргыз коомчулугуна таанылган мыкты журналисттер Кадыр Калилов, Сабыр Абдымомунов, Гүлбүбү Үсөнова ж.б. ондогон, жүздөгөн инсандар мына ушул элдин сыймыктуу уул-кыздары экенин билип, бардыгыбыз сыймыктанып жүрүшүбүз керек.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Спортсмены Архангельска, Новодвинска и Северодвинска приняли участие в празднике «Здоровье для северян»



Жизнь

Концерт ко Дню Победы проведут в Культурном центре «Интеграция» на Лазо






103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Пресс-релиз | CRYPTONIUM | Новая экосистема для заработка на криптовалюте | Арбитраж | Трейдинг | Обучение

Baza: москвички сломали ребенку грудной позвонок, требуя освободить качели

Сигналы для рынка Форекс: в чем особенность и где их искать

Артистка шапито "Радуга" из Москвы сообщила, что 15 собак из цирка могут стать бездомными


Москва

Врач-стоматолог Татьяна Сумцова: незаметные заболевания, которые могут быть опасны






Rss.plus
Moscow.media
Москва

Собянин: Судоверфь в районе Нагатинский Затон заработает в конце года



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт ко Дню Победы прошел на ледовой арене Красногорска




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Московское "Динамо" возглавило турнирную таблицу РПЛ

Полина Гагарина — про уход на пенсию и особые способности Сергея Лазарева

Сотрудники Росгвардии на комплексе Байконур приняли участие в спортивном мероприятии «Наследники Победы»


Арина Соболенко

Швентек и Соболенко устроили триллер за престижный трофей



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Five new Steam games you probably missed (May 6, 2024)



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России