Гуанчжоудо коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилди
Кытайдагы соңку нааразылык митингдеринен кийин Гуанчжоу шаарында коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилди. Бир катар райондордо COVID-19 вирусуна жапырт тест алуу токтотулуп, мурдараак киргизилген локдаун режимдери жоюлду. Мунун алдында ушул эле шаарда жана өлкөнүн башка калааларында полиция менен кагылышуулар катталган. Гуанчжоунун өзүндө жекшембиде тургундар полиция менен кыйла тирешкен. Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен Кытайдын бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген. Читать дальше...