Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Акаев акталды, Бакиевге ырайым берилеби?

Акаев акталды, Бакиевге ырайым берилеби?

Президент Садыр Жапаров 30-майда "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде, качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев тууралуу пикирин билдирди.

Муну менен соңку айларда коомдо кызуу талкууланып келген мурдагы президенттердин темасы кайра козголду. Качкын президенттердин мекенине кайтып келиши боюнча Кыргызстанда карама-каршы пикирлер айтылууда. Жапаровдун пикири эмнени билдирет жана бийликтин иш-аракеттери кандай багытта жүрүп жатат?

Садыр Жапаров кезектеги маегин качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин айланасындагы талаштуу суроолорго арнады.

Жапаров мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу кебинде ага карата эч кандай кылмыш иши жоктугун жана ал издөөдө болбогонун белгилеген. Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарып алууда Акаевдин көрсөтмөсүнүн пайдасы чоң болгонун айтты:

“Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө да болгон эмес. Ал эми Кумтөр сыяктуу маселеде оң жолду таап, айыл жана мал чарбачылыктарын чачыратпай сактап калса болмок. Бул өзүбүзгө көз каранды эле. “Иштебеген киши жаңылбайт” дейт. Иштеген киши кемчилик кетирбей койбойт. Жакшы жактарын дагы айтып коюшубуз керек. Биринчилерден болуп улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизген. Бул жерден абдан көрөгөчтүк кылган. Азыркыга чейин биздин валютабыз чөлкөмдө күчтүү, кунун жоготпой келет. Бул ошол убактагы абдан чоң жетишкендик болгон”.

Деген менен, ушул жылдын 13-январында Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматов Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштери "мөөнөттү өтүп кеткендиктен" кыскарганын билдирген.

Прокурордун айтымында, Акаевге 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыптар тагылган.

Ал эми Курманбек Бакиев боюнча суроолорго жооп бергенде бийликтин аны Кыргызстанга алып келүү ниети жок экенин белгиледи. Ошол эле маалда, Бакиевге карата чыккан катаал өкүмдөргө карабай ырайым сураса, колдоо же четке кагуу укугун колдонорун билдирген.

“Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Сот чечими турат. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Сот чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек”.

Жапаровдун айтымында, Курманбек Бакиевдин бир тууган инилери Адыл, Марат жана Каныбек Бакиевдерге карата кылмыш иштери козголгон эмес. Ал эми дагы бир иниси Жаныбек Бакиев менен уулу Максим Бакиевдерди “соттор актап жибере турганына көзүм жетпейт” деген өлкө башчы.

Саясат таануучу, Мамлекеттик башкаруу академиясынын президенти Алмазбек Акматалиев мурдагы президенттер моралдык жоопкерчилигин тартышканын, Жапаров укуктук жоопкерчилик тууралуу позициясын ачык-айкын билдирди деген пикирде.

“Жеке пикиримде, президент ушундай кеп-сөздөр күчөп кеткени үчүн өзүнүн позициясын ачык айтты. “Мыйзам алдында баары бирдей жоопкерчилик тартыш керек” деди. Бакиев жөнүндө “ал, анын балдары, инилери баары соттолгон, келсе камалат” деп ачык айтты. Менимче, позиция ачык эле айтылды. Алардын четте жүргөнү эле моралдык жоопкерчилик го дейм. Президенттин сөзүндө “убагында Акаевдин үстүнөн эч бир кылмыш иши козголгон эмес экен, Кумтөрдү ачыктаганга, Кыргызстанга кайтарып алууга өзүнүн колунан келген салымын кошту” деп ачык айтылып атат. Менин оюмча, бул жерде укуктук жоопкерчилиги жөнүндө гана сөз болууда. Моралдык жоопкерчиликти баары эле тартты го дейм”.

Бозгундагы президенттерди реабилитациялоо кимге пайда?

Москвада баш калкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук комитетине Кумтөр боюнча сурак берген. Май айында ал жубайы Майрам Акаева менен келип, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде лекция окуй турганы маалымдалган. Бирок студенттер менен коомчулуктун кескин каршылыгынан улам, анын лекциясы болбой калды.

Май айынын ортосунда Кыргызстандын Улуттук Курултайынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Улуттук телерадиокомпаниясынын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Минск шаарына барып, качкын президент Курманбек Бакиевден алган маеги интернетте тараган.

Бакиевдин маегин да, ага чейин Москвада Аскар Акаевден алган маегин да улуттук каналдын “Кыргыз ааламы” берүүсүндө жарыялоо пландалганын Кошалиев өзү билдирген. Коомдогу активдүү сын-пикирлердин айынан Кадыр Кошалиев алгач телеканалдагы, көп өтпөй Улуттук Курултайдагы кызматынан кетүүгө аргасыз болду.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын активдүү катышуучусу, экс-депутат Рыскелди Момбеков азыркы бийликтин Акаев менен Бакиевге ырайым берүү же реабилитациялоо укугу жок деп эсептейт.

“Акаевди, Бакиевди Кыргызстанга алып келүү же актоо – бул Аксы окуясы менен Апрель окуясында кайтыш болгон балдардын арбактарына карата наадандык. Дегеле аларды кечирип коюу – кыргыздын тарыхына болгон кыянаттык. Бул жерде ырайым береби, кечиреби-кечирбейби – кеп анда эмес, кеп тарыхта. Тарых, кыргыздын келечеги кечиреби аларды? Дегеле, ал маселени, Акаев менен Бакиевди реабилитациялоо, аларды актоо бийликтин иши эмес. Бул ириде тарых, ошол жабыр тарткан адамдардын, арбактардын иши, алар кечиреби-кечирбейби, кеп ошол жакта. Бакиевдин бардык үй-бүлөсү боюнча соттун чечимдери аткарылып, жазасын тартышы керек. Эч кандай жазага, жоопкерчиликке тартпай туруп, аларды кайра карап чыгышыбыз керек деп, комиссияларды түзүп, тигинтип-минткендин бардыгы Кыргызстандын элин экиге бөлүп, чоң бир жарылууга алып келет. Эртеби-кечпи бул маселеге эл жооп берет. Элдин эрки, эртеңкиси менен ойнобош керек. От менен ойногонду токтотуш керек”.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев качып жүргөн президенттерди актаган маанайда иш жүрүп жатканына токтолду. 

“Акаев боюнча “иштебеген киши гана ката кетирбеши мүмкүн, иштегенден кийин жаңылат” деп калды. Садыр Жапаров “Отуз жыл бою бизге чейинкилер эч нерсе кылбаптыр” деген сөзүн эми айтпай эле койгону дурус. Акаевди актаган сыяктуу “анда эч кандай күнөө, жоопкерчилик жок” дегендей мааниде өтө жумшак сүйлөптүр. Эгерде ушул өңүттө кетсе, Курманбек Бакиевдин башкаруу жылдары тууралуу да ушундай сөздөр  айтылышы мүмкүн. Менимче, бул Кыргызстанда мамлекеттик жетекчи, мамлекеттик ишмерлер жоопкерчилик тартпай турганынын дагы бир чоң көрсөткүчү.  Баарын жыйынтыктай келсек, менимче, эл арасында айтылып жаткандай эле ушунча жыл качып жүргөн президенттер боюнча кандайдыр бир жылмалоо, алардын ишин, өткөнүн бир аз тазалагандай, жумшарткандай маанайда иш жүрүп аткандай сезилди”.

Кыргызстандын эгемен тарыхында үч президент кызмат ордунан куулуп кеткен. Өлкөнү 15 жыл башкарып, 2005-жылдагы ыңкылапта Москвага качып кеткен Аскар Акаев 2022-жылга чейин мекенине келе албай жүрдү.

Бакиев менен Атамбаевдин башкаруусу учурунда мезгил-мезгили менен ал Кыргызстанга келсе камалары айтылып турчу. 2010-жылы 89 адамдын өлүмү менен коштолгон кандуу окуядан кийин Беларуска куулуп кеткен Курманбек Бакиевди 30 жылга эркинен ажыратуу боюнча соттук өкүм бар. Аны менен кошо бир туугандары менен уулдарына да сыртынан сот өкүмдөрү чыгарылган.

2020-жылдагы башаламандыктан улам бийликтен кеткен Сооронбай Жээнбековго карата кылмыш иши ачылган эмес. Ага чейин президенттик кызматын өз мөөнөтүндө өткөрүп берген Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголуп, 2019-жылдын августунан 2023-жылдын февралына чейин камакта отурду.

Февраль айында президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигинин борбору Дубай шаарында мурдагы президенттер Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусун уюштурган. Анын алдында Алмазбек Атамбаевдин бир катар кылмыш иштери кыскартылып, абактан чыгарылган жана дарылануу үчүн Дубайдан ары Испанияга учуп кеткени белгилүү болгон.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Следственный комитет предупреждает: не оставляйте детей без присмотра в комнате с открытым окном



VIP

Sqwoz Bab тур при партнерстве Like FM




Українські новини

Депутат Миколаївської облради Кормишкін вперше опублікував своє весільне фото



Новости 24 часа

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"



Game News

Игра All of You от создателей Love You to Bits и Bring You Home больше не эксклюзив Apple Arcade



Москва

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"



News Every Day

13 Crops You'd Be INSANE Not To Plant in May



Блоги

XXIII Московский Пасхальный фестиваль проходит при поддержке Relax FM



Москва

Барнаульский "Университет" завоевал серебро высшей лиги "А"



Анастасия Волочкова

«Мой рай»: Волочкова уединилась с тайным спутником на Мальдивах



Москва

Вверх или вниз? Эксперты объяснили, как изменятся цены на новостройки в мае



Ролан Гаррос

Увидит ли Париж Мирру из России? Андреева дает жару в Мадриде и включается в олимпийскую гонку



Москва

Sqwoz Bab тур при партнерстве Like FM



Сергей Собянин

Собянин: На Пасху городской транспорт будет работать дольше



Симферополь

Еженедельный вестник катастроф



Москва

XXIII Московский Пасхальный фестиваль проходит при поддержке Relax FM



Москва

Собянин: На Пасху городской транспорт будет работать дольше



Москва

Обвалилась кровля На горящем заводе в Москве удалось локализовать огонь



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Известные актеры и ведущие прочитали стихи для «Московской электронной школы»

На столичном фестивале «Пасхальный дар» научат варить уху и снимать кино

Электрокроссовер Voyah Free получил новую версию для России. Ее представили в Москве


Москва

Обвалилась кровля На горящем заводе в Москве удалось локализовать огонь






Rss.plus

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"

Культура России: как прошёл конкурс бурятского языка для детей в Бурятии?

Продвижение новых песен с высоким результатом

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о программе развития туризма столицы до 2030 года



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Тимати показал повзрослевшего сына от модели Анастасии Решетовой




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Кубок футбольных мам» прошел на стадионе «Москвич» в Лобне

Новинка от Edifier: беспроводные наушники Comfo Run для занятий спортом

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о чемпионате по профмастерству в авиастроении


WTA

Потапова и Павлюченкова вышли в полуфинал турнира WTA в Мадриде в парном разряде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Экскурсоводы из Архангельска знакомят посетителей выставки «Россия» с достижениями регионов страны



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России