Орусияда 7 млн. рубл уурдаган деп соттолгон кыргызстандык бошотулду
Новосибирск облустук соту 7 млн. рубль акча уурдоого айыпталып эки жыл, алты айга соттолгон кыргызстандык Айнагүл Борбуева боюнча мурунку инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, 31-майда сот залынан бошотту.
Борбуеваны бошотуу өтүнүчү менен анын жактоочулары кайрылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
2022-жылы 27-октябрда Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту кыргызстандык жаранга карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны эки жыл, алты айга эркинен ажыраткан.
2021-жылдын ноябрында Новосибирск шаарында эмгектенип жүргөн Айнагүл Борбуева Кылмыш кодексинин 158-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук”) боюнча шектүү катары кармалган.
“Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында Орусия жараны В.С. 2021-жылы 4-ноябрь түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль салынган баштыгын унутуп кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу ал баштыкты жараны Борбуева алып, жумушуна алып барып койгону аныкталган”, - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
ТИМ кыргызстандык Борбуевага бардык юридикалык жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи.
Орусиядагы түрмөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан миңдей кыргызстандык бар. Бул өлкөдө миграцияда жүргөн кыргыз жарандарынын саны миллионду чамалайт. (TSh)