Жалал-Абад: Аселдин өзгөчө технологиясы менен башкан нан
Жалал-Абаддын тургуну Асель Сапарбаеваны шаардыктар ал өзгөчө технология менен бышырган нан аркылуу таанып калышты. Ал нанды муздак сууга жууруп, камыртурушка ачытып, бышырат. Жалгыз бой эне колу бошой калганда мейманкада ашпозчу болуп, такси да айдап, үч баласын чоңойтуп жатат. Келечекте чакан ишкердигин кеңейтсем деген тилеги бар.