"Атам 40 жылга Сибирге айдалса да апам аны күткөн экен"
II Дүйнөлүк согуш миллиондогон кишилердин тагдырын өзгөрттү. Таластын тургуну маркум Кожоке Мамбеталиев төрт жыл фашисттердин туткунунда отуруп, андан качып чыгып, аман-эсен келген. Бирок мекенинде советтик системанын катаал жазасына кабылып, Сибирге айдалган.