Орусиянын Коопсуздук кеңеши Донбассты мамлекет катары таануу маселесин карады
21-февралда Орусиянын Коопсуздук кеңеши президент Владимир Путиндин төрагалыгы астында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн таануу маселесин карады. Жыйынды Путин өзү ачып, аталган аймактарда окуянын башталышына баа берди. Ал “Минск макулдашуусунун алкагында Донбасстагы кырдаал боюнча сүйлөшүү мындан ары уланарынан үмүт жок” деп айтты. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак “Киев Минск келишимин сактабай... Читать дальше...