Орусияда кыргызстандык айдоочу адам өлүмүнө айыпталууда
Орусияда кыргыз жараны адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына айыпталып жатат. “Азаттык” радиосуна түшкөн маалыматка караганда, окуя 7-декабрда Москва облусунун Химки шаарында болгон.
«Мособлгоравто» ишканасына таандык автобусту айдап бараткан кыргызстандык – 37 жаштагы Камчыбек Осмоканов улгайган аялды сүзүп кеткен. Бирок алдын ала териштирүүдө кыргызстандык мигрант жол эрежесин бузбаганы, жөө жүргүнчү жолду светофордо кызыл жарык күйүп турганда өтүп баратып, автобус келе жатканда качып кетүүгө үлгүрбөй калганы аныкталган.
Жабыркаган аял эртеси күнү реанимацияда көз жумган.
Кылмышка шектүү айдоочу 6-февралга чейин полициянын тергөө абагына камалды. (LzT)