Кыргызстанда талаптагыдай логистикалык борборлордун саны 11ге жетти
Кыргызстандын аймактарында эл аралык стандарттарга жооп бере турган, айыл чарба азыктарын сактоочу 11 логистикалык борбор иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди. Анын айтымында, бул кампалардын сыйымдуулугу кеминде 1500-2000 тоннага жетет.
Министрликтин өкүлү белгилегендей, мындай логистикалык борборлор келечекте 453 айыл өкмөттө бирден, болбосо жалпы Кыргызстанда 300-400гө чейин жетиши керек. Учурда сыйымдуулугу азыраак кампалар да бар.
Буга чейин Баткендин Кадамжай районунда, Чүйдүн Москва районунда, Нарындын Кочкор районунда жана Жалал-Абад шаарында ири логистикалык борборлор курулганы кабарланган.
Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулгандан кийин өлкөдө азык-түлүктөрдү, жашылча, мөмө жана кургатылган жемиштерди сактоочу логистикалык борборлор курулаары айтылган. Бул аралыкта негизинен жеке компаниялар өздөрү насыя алып, кампа салып жатышат. (ErN)