Путин АКШ президенти Трамптын кеңешчиси Жон Болтонду кабыл алат
Бүгүн, 23-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кабыл алып, бир катар маселелер боюнча түшүндүрмөсүн угат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди. Анын айтымында, орус лидери кандай сүйлөшүүлөр болгону тууралуу маалымат алат. “Болтон эртең дагы бир катар жолугушууга катышат. Силер билесиңерби, жоопторго караганда суроолор алда канча көп” деп билдирди ал. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Читать дальше...