Беларуста пресс-клубдун негиздөөчүсү Юлия Слуцкая кармалды
Юлия Слуцкая 22-декабрда Минксиге чет өлкөдөн келген соң кармалган. Учурда анын кайда экени расмий кабарлана элек.
22-декабрда Беларустун Мамлекеттик көзөмөл комитети пресс-клуб салык мыйзамын бузганына жана иши сырттан каржыланганына байланыштуу алдын-ала териштирүү башталганын жарыялады.
Беларустагы пресс-клуб 2011-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал көз каранды эмес маалымат каражаттары жана журналисттердин кесиптик жактан өнүгүшү үчүн аянтча болуп саналат.
Мындан бир аз мурун Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети Беларусту акыркы айларда журналисттерди көп куугунтукка кабылган өлкөлөрдү катарына кошкон.
Беларуста августтагы президенттик шайлоодон соң журналисттерге карата кысым күчөдү. Андан бери 373 журналист кармалса, анын алтоо азыр абакта отурат. Октябрда Беларуста бийлик өлкөдөгү нааразылык акцияларын чагылдырган айрым чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын аккредитациясын жокко чыгарган.