Жекшенкулов: 17-майда Москвадан Бишкекке учак уюштурулуп жатат (аудио)
17-майда Орусия Кыргызстандагы жарандарын алып кетиш үчүн 200 орундуу учак жиберет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди. Элчинин айтымында, кыргыз тарап ошол каттам менен Москвадагы жарандарын алып кетиш үчүн 400 орундуу учак сурап жатат. Жекшенкулов коомдук комиссия түзүлүп, учак менен Москвадан Бишкекке кете тургандардын тизмеси такталарын маалымдады. «Ал комиссияны диаспоранын өкүлдөрү жетектейт. «Коррупциялык иштер болду» деген ар кандай кеп болбошу үчүн комиссия түзүлдү. Читать дальше...