Мураталиев: Таласка ким келсе да обсервацияга алынат
Учурда Талас облусу боюнча 95 киши обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев 20-майдагы онлайн брифингде маалымдады. Анын айтымында, 20-майга карата маалыматка ылайык, буга чейин обсервациядан 603, үй карантининен 3 миңден ашык адам чыгарылган. Мураталиев Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерди обсервацияга жаткыруудагы окуя боюнча комментарий берип, дарыгерлердин алгоритми аткарылганын билдирди. “Ал жерде эч кимди уруп-сабоо болгон жок. Түшүндүрүү иштеринен кийин баары эле обсервацияга жатышты. Читать дальше...