Бир суткада вирус жаңы аныкталган кыргыз жарандарынын 12си сырттан келген
«30дун 12си четтен алынып келгендер. Орусиядан 11, Өзбекстандан бирөө», - деди ал.
Жалпысынан 18-марттан 25-майга чейин Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, 992 бейтап айыгып кетти, 16сы каза болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, вирус жуккандардын арасынан 108и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан эмгек мигранттары, ал эми 36сы - Орусиянын аскердик окуу жайларынын курсанттары. (RK)