Түркия: Саудиялык журналисттин өлүмүнө шектүүлөр жарыяланды
![Түркия: Саудиялык журналисттин өлүмүнө шектүүлөр жарыяланды](https://gdb.rferl.org/6CB888D6-173C-41FA-B525-175FD5BE5780_w800_h450.jpg)
Түрк маалымат каражаттары “саудиялык журналист Жамал Хашоггинин дайынсыз жоголгонуна тиешеси бар” деп 15 кишинин сүрөтүн жарыялашты. Президент Режеп Тайып Эрдоган аларды “киши өлтүргүчтөр тобу” деп атады.
Оппозициялык журналист 2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунун аймагына кирген бойдон дайынсыз. Маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, Хашоггини элчиликтин имаратынан кара чүмкөлгөн машине менен саудиялык консулдун үйүнө алып чыгып кетишкен. Бул тууралуу “Associated Press ” агенттиги да кабарлады.
Түркия “Хашоггини падышалык үй-бүлөнү сындагыны үчүн Сауд Арабиясынын бийлиги өлтүрүп койду" деп тынчсызданып турат.
Бириккен Улуттар Уюму журналисттин дайынсыз жоголушун “зомбулук сыяктанат” деп баалап, Түркия менен Сауд Арабиясын окуяны иликтөөгө үндөдү.
Сауд Арабиясы өз дарегине айтылгандарды четке кагып жатат.
59 жаштагы Жамал Хашогги бир катар телеканалдарды, гезиттерди жетектеп, ВВС, "Аль-Жазира" өңдүү маалымат каражаттарына баяндамачы болгон. Мекенинде бийликти, анын ичинде такты мураскери Мухаммад бин Салмандын саясатын сындаган макалалары менен белгилүү. Ал өмүрүнө коркунуч бар экенин айтып, былтыр Сауд Арабиясынан чыгып кеткен болчу.