Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кармалды
“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты. Маалыматка ылайык, Э.О аттуу шектүү жаран 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну. Ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү кармалган учурда жанынан Салянов атылган “Макаров” тапанчасы 17 огу менен табылган. Шектүү алдын ала суракта күнөөнү мойнуна алган. Учурда курал экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери улантылып жатат. Читать дальше...