Активист: Ачкачылык кармаган саясатчылардын абалы начарлап жатат
Абактагы ачкачылык кармап жаткан саясатчы Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун абалы начарлап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын тарапкерлеринин бири, жарандык активист Сапарбек Аргынбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн саясатчылардын адвокаттары абакка кирип, абалы менен таанышып чыкты. - Бектур Асанов 3-4-февраль түнү эсин жоготкон экен. Азыр да абалы оор болуп турат. Ал эми Кубанычбек Кадыровдун кан басымы жогорулап, дарыгерлер инфаркт алуу коркунучу жогору экенин айтышууда, - деди Аргынбаев. Читать дальше...